Ушуну менен токтоп калбайм! Физиев утулгандан кийин үн катты

© Sputnik / Гульдана ТалантбековаКыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев. Архив
Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рафаэль Физиев UFC уюмунун турнирине алгач ирет катышып, жеңилип калган.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев утулуп калгандан кийин Instagram баракчасынан видео кайрылуу жасады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Rafael Fiziev (@rafael_ataman_fiziev)

Эскерте кетсек, мушкер 20-апрелде Санкт-Петербург шаарында өткөн UFC уюмунун турнирине алгачкы жолу катышып, каршылашы Магомед Мустафаевге биринчи раундда техникалык нокаут менен жеңилип калган. Алгач аны атаандашы чимирилип тээп, кулап түшкөн соң Физиевди ургулаган. Рефери беттешти токтотууга аргасыз болгон.

"Салам баарыңарга, колдооңуздар үчүн рахмат. Мындай учур менде биринчи жолу болду. Бардыгында эле болот эмеспи. Бир аз байкабай, карабай калдым. Мына Мага (атаандашы Магомед Мустафаевф. - ред) отурат, аны куттуктап жатышат. Анын алдыда мындай жеңиштери көп болушуна тилектешмин. А биз ушуну менен токтоп калбайбыз, дагы кайтып келем. Үй-бүлөмө, жакындарыма ыраазычылыгымды билдирем", — деп жазган Физиев.

Ушул эле турнирде дагы бир кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко америкалык Роксанн Моддафериге калыстарды чечими менен утулуп калган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0