Ысык-Көлдүн жээгинде Run the Silk Road — 2019 марафону өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековRun the Silk Road марафонун катышуучулары. Архив
Run the Silk Road марафонун катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катышуучулар 42, 21, 10 жана 3 чакырымга чуркашат.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Ысык-Көлдө эл аралык марафон өткөрүлөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка ылайык, Run the Silk Road — 2019 аталышындагы спорттук иш-чара 11-майда Чолпон-Ата шаарында болот. Анда катышуучулар 42, 21, 10 жана 3 чакырымга чуркашат.

VIII жолу өтө турган мелдешти Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, Run the Silk Road уюму уюштурат.

Жаңылыктар түрмөгү
0