Байге фондусу 1 млн. сом! Чолпон-Атада ат чабыш боюнча эл аралык турнир өтөт

Жазылуу
Мелдеш FEI эрежеси менен өткөрүлөт.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Ысык-Көлдө ат чабыш боюнча эл аралык турнир өтө турганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Международный турнир ММА WEF Global в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык мушкер Бактыбек Дүйшөбай уулу Токиодогу турнирге катышат
Билдирмеге ылайык, мелдеш 1-майда Чолпон-Ата шаарында жайгашкан ипподромдо болот. Ал FEI (International Equestrian Federation — ред.) эрежеси менен өткөрүлөт. Ошондой эле мелдеште 80 жана 120 чакырым дистанция каралган.

Турнирдин байге фондусу 1 миллион сом экендиги айтылды. Катышуучуларга жана аргымактарга болгон талап менен агенттиктин Facebook баракчасынан кенен таанышууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0