Жеңишке жетип, желек оронгон Үзүр балбан. Фотофакт

504
Кыргызстандык спортчу кечээ Кытайда өткөн Азия чемпионатында алтын байге уткан.
Кыргызстанский борец греко-римского стиля Узур Джусупбеков стал бронзовым призером Чемпионата Азии по спортивной борьбе победив в финале узбекистанйа Жахонгира Турдиева со счетом 3:2.
© Фото / unitedworldwrestling / Sachiko Hotaka

Грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасында Азия чемпиону болгон Үзүр Жусупбековдун жеңиштен кийинки ирмемин Бириккен күрөш уюму (UWW) тартып алган.

Спортчу кечээ Кытайдын Сиань шаарында өткөн Азия биринчилигинин финалында өзбекстандык Жахонгир Турдиевди 3:2 упай эсебинде утуп, жеңүүчү аталган. Чейрек финалда казак балбаны Алимхан Сыздыковду 6:1 эсебинде жеңсе, жарым финалда ирандык спортчу Махди Аббас Алиярфейзабаны 7:5 упай эсеби менен жер караткан.

Балбан килемде 97 килограмм салмакта күч сынашып келет.

504
Белгилер:
жеңиш, Сүрөт, балбан, Азия чемпионаты, Үзүр Жусупбеков
Тема боюнча
Сүйүнчү! Балбан Үзүр Жусупбеков Азия чемпиону болду