Матраимовдун турнирине өкмөт мүчөлөрү менен депутаттар көчүп барды. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековКара-Суйский район Ошской области
Кара-Суйский район Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турнирди "Исмаил Матраимов" атындагы кайрымдуулук фонду уюштурган.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда 9-май — Жеңиш күнүнө, ошондой эле Исмаил Матраимовдун жаркын элесине арналган волейбол жана футбол турнири өтүп жатат. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган бир топ депутаттар жана биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов катышууда. Бул туурасында аталган райондун акими Тилекбек Матраимов билдирди.

Анын айтымында, иш-чара бүгүн, 1-майда, Кара-Суунун Жоош айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылында өтүп жатат. Аны бир тууган Матраимовдор атасына арнап негиздеген "Исмаил Матраимов" атындагы кайрымдуулук фонду уюштурган.

"Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жана атам Исмаил Матраимовдун жаркын элесине арнап турнир өткөрүп жатабыз. Ага 15 миңге чукул киши келди. Кара-Суунун айыл өкмөттөрү арасында спорттук мелдеш болууда. Жогорку Кеңештин төрагасы да келип, элди жана ардагерлерди куттуктады. Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов да катышууда. Мындан сырткары, бир нече депутаттар да келди", — деди Матраимов.

Ошондой эле ал мындай турнир 8 жылдан бери өтүп жатканын, ага жыл сайын эле бийлик өкүлдөрү катыша турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0