“Дордой” футболчулары Тажикстандын “Истиклолуна” ири эсеп менен утулуп калды

© Sputnik / Табылды КадырбековМатч группового этапа АФК "Дордой" — "Алтын Асыр"
Матч группового этапа АФК Дордой — Алтын Асыр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми кыргызстандык команда ушул эле атаандашы менен өз талаасында ойнойт.

БИШКЕК, 1-май – Sputnik. Бишкектин “Дордой” футболдук клубу Азия футбол конфедерациясынын кубогунун үчүнчү турунда Тажикстандын “Истиклол” командасына ири эсеп менен утулуп калды.

Кыргызстанский боец MMA Мыктыбек Мамасалиев - Sputnik Кыргызстан
"Ак аюу" атаандашын 34 секундада нокаутка кетирди. Алматыдагы видео
4:1 эсеби менен аяктаган оюн 1-май күнү Душанбе шаарында өттү. Кыргызстандын жалгыз голун Мирлан Мурзаев киргизген.

Эми турдун алкагында бишкектик клуб ушул эле атаандашы менен өз талаасында кездешмекчи.

Белгилей кетсек, 3-апрель күнү “Дордой” Түркмөнстандын “Алтын-Асыр” командасы менен ойноп, беттеш 1:1 эсеби менен аяктаган. Ал эми 17-апрель күнү Тажикистандын “Худжанд” командасына утулуп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0