Манас Ниязов көк бөрү талаасында атаандашы менен мушташа кетти. Видео

© пресс-служба ГАМФКиСТурнир по кок-бору в Чолпон-Ате
Турнир по кок-бору в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңжалдын чыгышына Манас Ниязов улакты эңип жатканда атаандашынын капталдан келип урдурганы себеп болушу мүмкүн экени айтылды.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. 9-май, Жеңиш күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан республикалык көк бөрү мелдешинде улакчылар мушташа кетти. Оюн учурунда "Достуктун" оюнчусу Манас Ниязов менен "Сары-Өзөн" командасынын улакчысы Нурбек Юсуповдун ортосунда пикир келишпестик чыккан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Ызычуу🏇 Кооптуу учур..

Публикация от КӨК БӨРҮ-КЫРГЫЗ СПОРТУНУН ЖҮЗҮ (@kok.boru)

Андан соң экөө оюн талаасынан четке чыгып аттан түшүп бири-бирин койгулап, мушташа баштаган. Аларга башка улакчылар да аралашып, калыстар арачалап экөөнү ажыратты. Кадрдан көрүнгөндөй, жаңжалдын чыгышына Манас Ниязов улакты эңип жатканда атаандашынын капталдан келип урдурганы себеп болушу мүмкүн.

Жаңжал экинчи тайм аяктап калганда чыккан. Мындан улам оюн токтотулуп, улакчылар 5:3 эсеби менен эс алууга кетишти. Натыйжада 10:4 эсеби менен "Достук" командасы жеңип финалга чыкты.

Эми жеңүүчү болгон топ баш байге үчүн 9-май күнү "Ынтымак" командасы менен беттешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0