Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча республикалык турнирдин биринчи лигасында Ысык-Көлдүн Көл-Төр командасы жеңишке жетти

Көк бөрү: Ысык-Көлдүн командасы биринчи лиганын чемпиону болду

361
(жаңыланган 12:26 09.05.2019)
Финалда Талас менен Ысык-Көл командалары күч сынашты.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча республикалык турнирдин биринчи лигасында Ысык-Көлдүн "Көл-Төр" командасы жеңишке жетти.

  • Матч Кол-Тор — Кара-Буура на республиканском чемпионате по Кок бору в Чолпон-Ате
    Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча республикалык турнирдин биринчи лигасында Ысык-Көлдүн "Көл-Төр" командасы жеңишке жетти
    © Фото / пресс-служба ГАМФКиС
  • Матч Кол-Тор — Кара-Буура на республиканском чемпионате по Кок бору в Чолпон-Ате
    Баш байге үчүн мелдеште "Көл-Төр" Таластын "Кара-Буура" командасы менен күч сынашкан
    © Фото / пресс-служба ГАМФКиС
  • Матч Кол-Тор — Кара-Буура на республиканском чемпионате по Кок бору в Чолпон-Ате
    Эки команда тең бири-бирине катуу каршылык көрсөтүп, кыл чайнашкан беттеш болду. Натыйжада Ысык-Көлдүн командасы 2:1 эсеби менен утуп кетти
    © Фото / пресс-служба ГАМФКиС
  • Матч Кол-Тор — Кара-Буура на республиканском чемпионате по Кок бору в Чолпон-Ате
    Ал эми үчүнчү орунду "Алкан-Ата", төртүнчүнү "Ат-Башы" командасы ээледи.
    © Фото / пресс-служба ГАМФКиС
1 / 4
© Фото / пресс-служба ГАМФКиС
Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча республикалык турнирдин биринчи лигасында Ысык-Көлдүн "Көл-Төр" командасы жеңишке жетти

Баш байге үчүн мелдеште "Көл-Төр" Таластын "Кара-Буура" командасы менен күч сынашкан. Эки команда тең бири-бирине катуу каршылык көрсөтүп, кыл чайнашкан беттеш болду. Натыйжада Ысык-Көлдүн командасы 2:1 эсеби менен утуп кетти.

Ал эми үчүнчү орунду "Алкан-Ата", төртүнчүнү "Ат-Башы" командасы ээледи. Белгилей кетсек, биринчи лигада 16 команда ат салышты.

Бүгүн түштөн кийин саат 15:30да Жогорку лиганын финалисттери "Достук" менен "Ынтымак" командалары оюн талаасына чыгат.

Жеңиш күнүнө жана Сүймөнкул Чокморов менен Үсөн Кудайбергеновдун элесине арналган ат оюндары 4-майдан бери Чолпон-Атадагы ипподромдо өтүп жатат. Программада көк бөрүдөн сырткары эр эңиш, ат чабыш, салбуурун оюндары уюштурулат.

361
Белгилер:
Ысык-Көл облусу, жеңиш, беттешүү, оюн, Көк бөрү, Чолпон-Ата
Тема боюнча
"Көк бөрү: карышкан колдор, алкынган аргымак. "Ынтымактын" "Достукту" жеңген видеосу