Кыргызстандык спортчулар олимпиадага 21 жолдомо алат деп болжолдонууда

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүОлимпиадалык оюндардын желеги. Архив
Олимпиадалык оюндардын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Токио шаарында 2020-жылы олимпиада жана паралимпиада оюндары өтмөкчү.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар олимпиада жана паралимпиадалык оюндарга катышуу үчүн 21 жолдомо алууну пландап жатат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Аталган агенттиктин директорунун орун басары Канатбек Арпачиевдин айтымында, 13 спорттун түрү боюнча лицензияга ээ болуу аракети көрүлүүдө.

"Биз күрөштүн үч түрү, дзюдо, жеңил атлетика, бокс, оор атлетика, сууда сүзүү, триатлон сыяктуу 13 спорттун түрү боюнча 21 лицензия алууну көздөп жатабыз. Алар боюнча быйыл бир катар турнирлер башталды. Жыл башынан бери өлкөнүн курама командалары 21 эл аралык мелдеште ат салышып, 37 медаль тагынды. Андан сырткары, жети Азия чемпионатында 12 медалга жетти", — деди Арпачиев.

Ал ошондой эле ата мекендик спортчулар дагы 94 эл аралык мелдеште күч сынаша тургандыгын кошумчалады.

Эске сала кетсек, 2020-жылы олимпиада жана паралимпиадалык оюндар Япониянын борбору Токио шаарында уюштурулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0