КР футболчулары Азия чемпионатынын тандоо турунда 4 команда менен ат салышат

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тандоо туруна 46 команда катышып, финалга 16сы чыгат.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы Азия чемпионатына катышуу үчүн төрт команда менен ат салышат. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чемпионаттын тандоо турунда Кыргызстан D группасындагы Иран, Непал жана Бириккен Араб Эмираттарынын командалары менен ат салышат.

Тандоо турунда жалпы 46 команда күч сынашып, финалдык оюндарга 16сы чыгат.

Эске сала кетсек, учурда 19 жаштагы оюнчулар арасында Сауд Аравиянын курама командасы Азия чемпиону болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0