Ысык-Көлдө триатлон боюнча Азия кубогу менен Борбор Азия чемпионаты өтөт

Жазылуу
Анда спортчулар Ысык-Көлдө түрдүү аралыкта ат салышат.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Ысык-Көл жээгинде триатлон боюнча эл аралык мелдеш уюштурулат. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
КР футболчулары Азия чемпионатынын тандоо турунда 4 команда менен ат салышат
Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара 29-30-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы эс алуу борборлорунун биринде болот.

Анда КМШ өлкөлөрүнөн чогулган спортчулар 1,5 чакырымга сууда сүзүп, 10 чакырым чуркап, 40 чакырымды велосипед менен багындырат.

Ал эми спорт сүйүүчүлөрү 300 метрге сууда сүзүп, эки чакырым чуркап, сегиз чакырымды велосипед менен өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0