Тыныбекова алган Toyota, Жээнбеков минген Lexus. Спортчулар эмне сый көргөн

© Sputnik / Табылды КадырбековНаграждение лучших спортсменов Sports and Youth Awards 2017 в Бишкеке
Награждение лучших спортсменов Sports and Youth Awards 2017 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын желегин дүйнөлүк аренада көтөргөн спортчулардын көбү материалдык жактан колдоого алынып келет. Мамлекеттен тышкары спортко кайдыгер эмес адамдар тарабынан жетишкендиги үчүн ар кандай белек-бекчектерге ээ болгондору бар.

Алар спортчулардын мелдешке бара турчу жол киресин, кийим-кече, тамак-ашын, дарылануусун төлөп берип, андан да чоң белек — унаа, батир, акчалай сыйлык берген учурлары кездешет.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кыргызстандык спортчулардын жараткан ийгиликтери үчүн акыркы жылдары алган ири белектерин тизмектеди. Белгилей кетсек, бул макалага мамлекет тараптан берилген сыйлыктар киргизилген жок.

Айсулуу Тыныбекова алган Toyota CH-R

© Фото / предоставлено Динарой ИсаевойБалбан кыздардын сап башы болгон Айсулуу Тыныбекова алган Toyota CH-R унаасы менен
Тыныбекова алган Toyota, Жээнбеков минген Lexus. Спортчулар эмне сый көргөн - Sputnik Кыргызстан
Балбан кыздардын сап башы болгон Айсулуу Тыныбекова алган Toyota CH-R унаасы менен

Балбан кыздардын сап башы болгон Айсулуу Тыныбекова жакында эле журналисттер үчүн маалымат жыйын куруп жатып колдоо көрсөткөн адамдарына ыраазычылык билдирген. Анын айтымында, былтыр КРдин кыз-келиндер күрөшү федерациясынын вице-президенти Динара Исаева ага 2018-жылы чыккан Toyota CH-R үлгүсүндөгү унаа белек кылган. Бул белекти демөөрчү балбанга 2017-жылы дүйнө чемпионатынан коло байге утканына жана жалпы жетишкендиктерине ыраазычылык катары бергенин айткан болчу.

Тыныбекова Азиянын үч жолку чемпиону. Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиадада бешинчи орунду алган. Ошондой эле Азия оюндары жана Ислам тилектештиги оюндарында чемпиондукту багындырган. 2017-жылы Дүйнө чемпионатынан коло алган. Мындан сырткары, түрдүү мелдештерде күмүш, коло медалдарды бир нече ирет уткан.

Бусурманкул Абдубаит уулуна берилген батир

© Sputnik / Табылды КадырбековММА мушкери Бусурманкул Абдубаит уулу
Тыныбекова алган Toyota, Жээнбеков минген Lexus. Спортчулар эмне сый көргөн - Sputnik Кыргызстан
ММА мушкери Бусурманкул Абдубаит уулу

ММА мушкери Бусурманкул Абдубаит уулу былтыр эки бөлмөлүү батирге ээ болгонун тастыктады. Бирок ал үйүнүн 30 пайызын өзү төлөгөн, калганына агалары, достору, жакындары жардам берип, курулуш компаниясы дагы арзандатуу жагынан көмөк көрсөткөн.

Бусурманкул Абдубаит уулу Россиядагы беделдүү делген M-1 уюму менен келишим түзгөн алгачкы кыргызстандык мушкер. Аталган уюмдун алкагында үч жолу жеңишке жетип, бир жолу тең чыккан.

Акжол Махмудов алган BMW жана батир

© Фото / Зульфия ТургуноваАкжол Махмудов алган BMW
Тыныбекова алган Toyota, Жээнбеков минген Lexus. Спортчулар эмне сый көргөн - Sputnik Кыргызстан
Акжол Махмудов алган BMW
Грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов былтыр, 2018-жылы, Бишкекте өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпионатында алтын уткан. Балбандын кичи мекени Ош жергеси аны салтанаттуу тосуп алып, жолугушуунун жүрүшүндө курулуш компаниялардын биринен батирдин ачкычы тапшырылган.

Ал эми ошол эле жылдын сентябрь айынын ортосунда Словакиянын Трнава шаарында өткөн жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло байге уткан. Жеңиштин урматына Махмудовдун атасынын бир тууган иниси Шарабидин Махмудов жана анын досу Алмаз Таабалдиев спортчуга BMW үлгүсүндөгү унаа белек кылышкан

Тилек Жээнбеков минген LХ 470

© Фото / предоставлено Тилеком ЖээнбековымТилек Жээнбеков минген LХ 470
Тыныбекова алган Toyota, Жээнбеков минген Lexus. Спортчулар эмне сый көргөн - Sputnik Кыргызстан
Тилек Жээнбеков минген LХ 470

Оор салмактагы мушкер Тилек Жээнбеков былтыр 2018-жылы күйөрмандарына кызуу беттештерди тартуулаган. Алардын бири Орто Азиядагы бир канча спортчуну жер караткан украиналык Юрий Проценкону утуп алышы болду. Мушкерлер WEF Global турниринин алкагында жолугуп, Жээнбеков Проценкону техникалык нокаут менен жеңген.

Мушкерге көп өтпөй демөөрчүлөрүнүн бири Lexus 470 үлгүсүндөгү унаа белекке берген. Маалыматты спортчу тастыктап, бирок машина мингизген агасынын аты-жөнүн айтууну туура көргөн жок. Себебин ага колдоо көрсөткөндөрдүн көп экендиги менен түшүндүрдү.

Нурмухаммед Токтоевдин Toyota Camry унаасы

© Фото / предоставлено Нурмухаммедом ТоктоевымНурмухаммед Токтоев Toyota Camry унаасы менен
Тыныбекова алган Toyota, Жээнбеков минген Lexus. Спортчулар эмне сый көргөн - Sputnik Кыргызстан
Нурмухаммед Токтоев Toyota Camry унаасы менен

Кыргызстандагы алдыңкы волейболчулардын бири Нурмухаммед Токтоевге былтыр "Ош-Отор" клубунун жамааты Toyota Camry үлгүсүндөгү машинаны белекке берген. Токтоев волейбол боюнча спорт чебери, 2016-жылы Орто Азиянын чемпиону аталып, КРдин Волейбол федерациясы тарабынан "Мыкты спортчу" наамына татыган.

Эламан Догдурбек уулу эки ирет батир алган

Эркин күрөш боюнча чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында байгеге ээ болгондор саналуу гана. Алардын бири Эламан Догдурбек уулу. Ал 2015-жылы Венгрияда өткөн дүйнө биринчилигинде коло байгеге ээ болгон.

Кийинки жылы федерация жетекчиси Шаршенбек Абдыкеримов бир бөлмөлүү батир бергенин ошол учурда ЖМКлар жазып чыккан. Ошондой эле ал 2014-жылы Түштүк Кореядагы Азия оюндарында коло байге алганы үчүн дагы федерация тарабынан батир алганы айтылат.

Дастан Шаршеевдин BMW 7 series Batman унаасы

© Фото / предоставлено Дастаном ШаршеевымДастан Шаршеев BMW 7 series Batman унаасы менен
Тыныбекова алган Toyota, Жээнбеков минген Lexus. Спортчулар эмне сый көргөн - Sputnik Кыргызстан
Дастан Шаршеев BMW 7 series Batman унаасы менен

Спортчу Дастан Шаршеев былтыр сентябрда Өзбекстанда өткөн кикбокс боюнча турнирде Орто Азия чемпиону болгон. Анын жеңишин утурлай ишкер Туратбек Матишов BMW 7 series Batman унаасын белекке берген.

Шаршеев жыл башында Бишкекте өткөн Max Pro K1 (кикбокс) эл аралык мелдешинде WBKF версиясы боюнча дүйнө чемпиону аталган.

Юрий Краковецкий алган Subaru Impreza

© Фото / пресс-служба федерации дзюдо КРДзюдочу Юрий Краковецкий
Тыныбекова алган Toyota, Жээнбеков минген Lexus. Спортчулар эмне сый көргөн - Sputnik Кыргызстан
Дзюдочу Юрий Краковецкий

Дзюдочу Юрий Краковецкий 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн Олимпиада оюндарында 100 килограммдан жогорку салмак категориясында күч сынашып, жетинчи орунду ээлеген. Спорттун өнүгүшүнө салым кошкону үчүн Дзюдо федерациясы Краковецкийге Subaru Impreza үлгүсүндөгү автоунаа белек кылган.

Төрөхан Багынбай уулу алган батир

© REUTERS / Issei KatoСпортчу Төрөхан Багынбай уулу
Тыныбекова алган Toyota, Жээнбеков минген Lexus. Спортчулар эмне сый көргөн - Sputnik Кыргызстан
Спортчу Төрөхан Багынбай уулу

Спортчу Төрөхан Багынбай уулу былтыр Азия оюндарынын алкагында алгачкы ирет жиу-житсу боюнча алтын байгеге ээ болуп, чемпион аталган. Балбан татамиде 69 килограмм салмакта күч сынашкан.

Интервью с четырехкратной чемпионкой Кыргызстана по  художественной гимнастике Айтурган Мырзакматовой - Sputnik Кыргызстан
Бул кыздардан модель чыкмак... Кыргыздын күчтүү жана ажарлуу спортчулары сүрөттө
Балбандын жеңишин утурлай ишкерлер Макен, Аскар, Адылбек Асановдор Ош шаарынан үй белекке беришкен.

Төрөхан Багынбай жиу-житсу спортуна чейин грэпплингден да бир топ ийгилик жараткан. Алсак, 2015-жылы Түркиядагы грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында күмүш, 2016-жылы Минскиде коло, 2017-жылы Санкт-Петербургдагы дүйнө кубогунда эки алтын (кимоно, кимоносуз), 2018-жылы Бишкектеги Азия чемпионатында да эки алтын (кимоно, кимоносуз) тагынган.

Үзүр Жусупбековдун таза кандуу күлүгү

Үстүбүздөгү жылдын 28-апрелинде грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасында Азия чемпиону болгон Үзүр Жусупбековго айылдаштары таза кандуу күлүк мингизишти. Спортчу Талас облусунун Жон-Арык айылынан болот. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Талас облустук башкармалыгынын жетектөөчү адиси Максат Кутманбековдун айтымында, бул белек үчүн жаштар, кары-картаңдар, мигранттар, айыл өкмөт, деги эле айылдаштары жапа тырмак кол сунган. Таза кандуу күлүктүн баасы 123 миң сомго айланганы айтылды.

Эрлан Шеровго берилген Toyota Corolla Spacio

© Фото / Керим КазатовДзюдоист Эрлан Шеров
Тыныбекова алган Toyota, Жээнбеков минген Lexus. Спортчулар эмне сый көргөн - Sputnik Кыргызстан
Дзюдоист Эрлан Шеров

Дзюдочу Эрлан Шеров былтыр жаштар арасында Азия чемпиону аталган. Аталган федерация балбандын ийгилигин эске алуу менен ага Toyota Corolla Spacio үлгүсүндөгү унааны белекке берген. Шеров 20 жашта, Европа Кубогунун күмүш медаль ээси, бир канча эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү жана эл аралык класстагы спорт чебери.

Иззат Артыковго эки бөлмөлүү үй берилген

© Sputnik / Табылды КадырбековОор атлетчи Иззат Артыков
Тыныбекова алган Toyota, Жээнбеков минген Lexus. Спортчулар эмне сый көргөн - Sputnik Кыргызстан
Оор атлетчи Иззат Артыков

Оор атлетчи Иззат Артыков 2016-жылы Рио-де- Жанейро шаарындагы Олимпиада оюндарына катышкандыгы үчүн жергиликтүү компания эки бөлмөлүү үй берген.

Игрок национальной сборной по кок-бору Манас Ниязов - Sputnik Кыргызстан
Быйыл кайсы спортчулар бүлө күттү? Улакчы Ниязовдон тарта балбан Алтынайга чейин
Иззат Артыков Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиададан коло медаль тагынган. Бирок кийинчерээк спорт арбитраждык соту Дүйнөлүк допинг агенттигинин (WADA) маалыматына таянып аны байгесинен ажыратканы белгилүү. Анда

Артыковдун анализдеринен тыюу салынган стрихнин заты табылганы айтылган. Буга Кыргызстан макул болбой сотко кайрылып, ал бир нече процесске созулган. Натыйжада спортчу эки жыл оор атлетикадан четтеген.

Артыков былтыртан тарта карьерасын улантып, Азия оюндарынан коло байге алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0