Кыргыз күрөшү. Архив

Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча мелдеш өтөт

65
Мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Бишкекте 28-майда КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Анаркул Кыбраевдин байгеси үчүн кыргыз күрөшү боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайда саат 9:00дө башталат.

Спорттук иш-чарага 18ге толгон бардык спортчулар катыша алат. Алар 60, 74, 84 жана 84 килограмм салмактан жогорку категория боюнча күч сынашат.

Маалымат үчүн: Анаркул Кыбраев Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу. Спорттук карьерасында 70тен ашык спорт чеберин тарбиялап, алардын үчөө бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болгон. Кыбраев ошондой эле XXII Олимпиада оюндарында марафонго чуркоо боюнча коло медалдын ээси Сатымкул Жуманазаровдун биринчи машыктыруучусу катары таанымал.

65
Белгилер:
Спорт, Бишкек, беттешүү, мелдеш, күрөш
Тема боюнча
Кыргызстандык Алмаматов АКШдагы жиу-житсу турниринде чемпион болду
Көтөрүп чаап, оодарып... Балбан Жолчубековдун Украинадагы турнирди уткан видеосу