Ысык-Көлдө спорттун беш түрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Жазылуу
Катышуучулар спорттун кикбокс, ушу-саньда, пенчак силат, аралаш мушташ жана оксуз кармашуу (рукопашный бой) түрү боюнча күч сынашмакчы.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Ысык-Көлдө Спорттун беш түрү боюнча "Кыргызстандын бермети" аталышындагы эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине мелдештин уюштуруучусу Бекболсун Советбеков билдирди.

Ущелье Кырчын в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Кырчында жаштардын форум-лагери өтөт. Кабыл алуу башталды
Анын айтымында, турнир 2-7-июль күндөрү Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылында өтөт. Анда катышуучулар чоңдор жана жаштар арасында спорттун кикбокс, ушу-саньда, пенчак силат, аралаш мушташ жана оксуз кармашуу (рукопашный бой — ред.) түрү боюнча күч сынашат.

Уюштуруучулар белгилегендей, "Кыргызстандын бермети" мелдеши жыл сайын өткөрүлүп келет, быйыл тизмеден бирма боксу алынып салынды.

Жакында эле Бишкекте тай боксу боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Sputnik кармаштардагы ирмемдерден сүрөт түрмөк даярдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0