10 секундда нокаутка кетти! Россиялык мушкердин атаандашын жер жыттаткан видео

© AP Photo / Gregory PayanТурнир PFL в Мэдисон Сквер Гарден в Нью-Йорке
Турнир PFL в Мэдисон Сквер Гарден в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
29 жаштагы Хайбулаев үчүн бул карьерасындагы 13-жеңиш.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Аралаш мушташ боюнча россиялык мушкер Мовлид Хайбулаев АКШлык атаандашын көз ачып жумгуча бүк түшүрдү. Таймаштын видеосу иш-чаранын Twitter баракчасына жүктөлдү.

​Нью-Йорк шаарында өткөн PFL 2 мелдешинде россиялык спортчуга мурдагы UFC чемпиону Дэймон Жексон атаандаш болгон.

Хайбулаев рингге чыгары менен секирип барып, америкалыкка тизеси менен бир тийген. Жыйынтыгында ал кулап түшкөн. Мелдештин башталганына 10 гана секунд болгон.

"Бул PFL мелдешинин тарыхында эң тез нокаут болду", — деп айткан уюштуруучулар.

29 жаштагы Хайбулаев үчүн бул карьерасындагы 13-жеңиш.

Жаңылыктар түрмөгү
0