Калыс өзү гол киргизип, аны жалпы эсепке кошуп койду. Футбол талаасындагы видео

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүФутбол. ЧМ-2018. Финал. Матч Франция - Хорватия
Футбол. ЧМ-2018. Финал. Матч Франция - Хорватия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Топ кирип кеткен "Харкемасе Бойз" мындай чечимге нааразы болгон.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Голландиядагы спорт сүйүүчүлөрдүн футбол мелдешинин жогорку лигасынын соңку оюнунда башкы калыс өзү кокустан киргизип алган голду жалпы эсепке кошуп койду.

Видео Twitter тармагына жүктөлгөн.

​"Хоек" командасынын чабуулунда топ оюнчулардан айланып келип калыстын бутуна урунган. Арбитр бул учурда буйтаганга жетишпей, топ дарбазага өтүп кеткен. Футболчулардын нааразычылыгына карабай калыс муну гол деп тапкан. Мындай чечимге топ кирип кеткен "Харкемасе Бойз" командасы нааразы болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0