Сүйүнчү! Арабдар менен араздашкан кыргыз хоккейчилери өз чындыгын далилдеди

© Sputnik / Табылды КадырбековКубок вызова Азии по хоккею с шайбой в Бишкеке
Кубок вызова Азии по хоккею с шайбой в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктар Эл аралык хоккей федерациясы менен болгон териштирүү иштеринин жыйынтыгында өз чындыгын коргоп калды.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы тарыхта биринчи ирет дүйнө чемпионатына катышууга жолдомо алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов билдирди.

Анын айтымында, Эл аралык хоккей федерациясы менен биргеликте жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин жыйынтыгы ушундай болду.

Гимнаст кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
КР спортчулары жаш мекендештердин Дүйнөлүк оюндарына катышат
6-апрелде Кыргызстандын курама командасы өз тайпасындагы акыркы атаандашы Бириккен Араб Эмирлигинин оюнчуларын жеңип, лидер болгон болчу. Ага чейинки этаптарда Кувейт, Таиланд, Босния жана Герцеговина, Гонконг командаларын ири эсеп менен утушкан. Мындай жеңиш кыргызстандык оюнчуларга дүйнө чемпионатынын үчүнчү дивизионуна чыгууга мүмкүнчүлүк бермек.

Бирок хоккей боюнча Эл аралык федерация улуттук команданын курамында Россияда ойногон Александр Титов да болгон деген негиз менен буга чейинки төрт жеңишти жокко чыгарып салган. Ал эми Кыргызстандын федерациясы апелляцияга берип, өз чындыгын далилдей алды.

Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты 2020-жылдын 1-17-май аралыгында Цюрих менен Лозаннада (Швейцария) өтөт.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0