"Ак аюу" Мамасалиев 30 жашта! Бүк түшүргөн нокауттар, жолтоо болгон жаракат. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык мушер Мыктыбек Мамасалиев. Архив
Кыргызстандык мушер Мыктыбек Мамасалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыктыбек Мамасалиев Кыргызстанды далайга тааныткан мушкер. Анын беттеш учурундагы нокауттары спорт сүйүүчүлөрдүн купулуна толуп, белгилүү болушуна жардам берген. Мыктыбекти каймана аты "Ак аюу" менен көбүрөөк билишет.

Ал "Жаш күч" клубунун тарбиялануучусу, октагондо 93 килограммдан өйдө салмакта күч сынашат. Бою 185 сантиметр. ММА боюнча 12 беттешти утуп, үч ирет жеңилген. Бокс боюнча спорт чебери.

Бүгүн, 31-майда, мушкер отуз жашка толуп жатат. Мындан улам, Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги спортчу тууралуу айрым фактыларды тизмектеп, мелдеш учурундагы видеолорун топтоду.

Үй-бүлөсү

Мыктыбек Мамасалиев 1989-жылы 31-майда Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Шаңкол айылында туулган. Атасы Абдимиталип жана апасы Халтажи Мамасалиевдер тогуз баланын ата-энеси (алты кыз, үч уул). Мыктыбек — үйдүн кенжеси.

Жеке жашоосу

Ак аюу каймана аты менен белгилүү болгон кыргызстандык ММА спортчусу Мыктыбек Мамасалиев - Sputnik Кыргызстан
"Ак аюу" Мамасалиев: атаандаштарды эки мүнөттө нокаутка жөнөтөм
Мушкер бойдоктордун катарында. Жеке жашоосун коомчулуктан жашырат. Анткен менен басылмалардын бирине берген маегинде кандай кыздар жагарын айтып берген. "Мага узун бойлуу кыздар жагат. Тамаша, ал билимдүү жана ыймандуу болушу керек. Түшүнүктүү, тамашакөй жана тил табышканды билсе" деп айтканы бар.

Билими

1995-2006-жылдары Шаңкол орто мектебинде билим алган. 2006-2011-жылдары Ош мамлекеттик университетинин педагогикалык факультетинде окуган. 2013-жылдан тарта Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан билим алып келет.

Спортко келиши

Мыктыбектин спорт дүйнөсүнө аралашып калышына ыраматылык атасы түрткү берген. Ага атасы жаштайында сыналгыдан мушташтарды көрсөтүп, кызыгуусун арттырган. 14 жашынан тарта бокс менен машыга баштаган.

"Ак аюу" аталып калышы

Бул туурасында Мыктыбек Мамасалиев редакцияга берген маегинде кенен токтолгон. "2008-жылы Чолпон-Атада ММА боюнча Евразия чемпионаты өткөн. Ошол кезде каймана ат менен чыгуу кеңири тарап кеткен. Бокс боюнча машыктыруучум Абдалим Исманов сырткы келбетиме карап "Ак аюу" деген ысымды ыйгарды. Башка дагы аттарды сунуштаган, жактырбай отуруп ушуга токтолгонбуз. Каймана атым өзүмө жагат. Көбү атым Мыктыбек экенин деле билишпейт. Көчөдөн "Ак аюу" кетип баратат деп калышат", — деп айтып берген.

Боксту таштап ММАге өткөн

Мыктыбек Мамасалиев бокс боюнча курама командага кабыл алынып, 2010-жылы спорт чебери наамын алган. Бокс боюнча КРдин эки жолку чемпиону болгон. 2013-жылдары Азия оюндарына барып байгесиз кайткан. Мындан улам карьерасын аралаш мушташтан сынап көрүүнү эп көргөн. Анүстүнө ММА чөйрөсүндөгү достору дагы түрткү болгон. Мамасалиев 12 беттешти утуп, үч ирет жеңилген.

"Ак аюу" бокстан ачылбай кеткенби?

Бокс боюнча машыктыруучу Акжол Ажибеков редакцияга маек берип жатып, бир кездеги окуучусу Мыктыбек Мамасалиев тууралуу айтып берген.

"Мыктыбекти тааныштары мага 2009-жылы алып келишкен. Ал табиятынан физикалык жактан өтө күчтүү адам, бирок бокстан толугу менен ача албай калдык. Мен өзүмдү күнөөлөп, абдан өкүнөм. Ал чемпион, спорт чебери болду, дагы да жарата турчу ийгиликтери көп эле. Абдан аракет кылдым, мындай адамдар болгон нерсесин ичине катат экен да. Кыскасы, жан дүйнөсүн түшүнө албай калдым. Анүстүнө көп балдарды машыктырып, ага өзүнчө убакыт бөлүп сүйлөшө алган жокмун. 2013-жылы эрежесиз урушка кетип калды. Азыр анын беделдүү деген UFC уюмунда ат салышууга мүмкүнчүлүгү жогору" деп айткан.

Октагонго алгач чыкканда эле утулуп...

Мушкер ММАге профессионалдуу түрдө 2014-жылы өтүп, алгач "Алаш прайд" турниринин алкагында казакстандык Умар Янковский менен кармашып, ага муунтуу ыкмасы менен утулуп калган. 

Дүйнө чемпиону болгон

Дагы бир маанилүү беттештерине токтолсок. 2015-жылы Молдовада өткөн ММАдин WMMAF версиясы боюнча дүйнө чемпиону болгон. Молдовалык атаандашы Драгос Зубкону биринчи раундда эле жаак тушка уруп, нокаутка кетирген. 

Жылдызы жанган учуру

2016-жылы Мыктыбек Мамасалиев Казакстандагы "Жекпе жек" турниринин алкагында Өзбекстандын айтылуу спортчусу Музафар Раджабов менен кез келет. "Ак аюу" аны дагы биринчи раундда эле жаакка уруп, нокаутка кетирген.

Ушул эле жылы Казакстандагы "Алаш прайд" турнирине катышып, жергиликтүү спортчу Алим Сулейманов менен чыгат. Күрөшкө басым жасаган Сулейманов Мамасалиевди дароо эле жерге жыгып, айласын кетирет. Анткен менен "Ак аюу" аны астыдан кол менен согуп, нокаутка кетирген.

Чет жакта жолу болгон эмес

2016-жылы бир нече беттеш өткөрүп, жылдызы жанып калганда Россиядагы Fight Nights Global уюму менен бир мелдешке келишим түзөт. Бирок бул ирет күйөрмандарына нокаут тартуулай алган эмес. Атаандашы Дмитрий Минаков аны колду кайруу ыкмасы менен уткан.

Жолтоо болгон жаракат

2017-жылы Мыктыбек Мамасалиев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине берген маегинде жаракатына байланыштуу учурда мелдешке чыкпай жаткандыгын айтып берген. "Төрт-беш жыл мурун колуман катуу жаракат алып, ал бир жыл мурун гематомага айланган. Адатта денеге сокку урулганда кан уюп отуруп сөөк сыяктуу катып калат экен. Операция кылып алдырганга туура келди. Алты ай спортко аралашкан жокмун. Эки ай мурун Москвада боло турчу беттешке сунуш түшкөндө макулдугумду берип, аз убакыттын ичинде даярдандым. Бирок утулуп калдым. Себеби толук кандуу өзүмө келе элек болчумун", — деп айтып берген мушкер.

Ошол эле жылы Росссиядагы "Охотники за головами" турниринде франциялык Оливье До Унданы техникалык нокаут менен уткан. 

Юрий Проценко менен тиреши

2018-жылы Мыктыбек Мамасалиев карьерасындагы маанилүү беттешти өткөргөн. Анын украиналык атаандашы Юрий Проценко "Ак аюуга" чейин өзбекстандык белгилүү мушкер Мурод Хантураевди уткан эле. Ал ортодо Мамасалиев менен Хантураев беттешет деген имиштер тарап кеткен. Демек, кыргызстандык мушкер үчүн бул мелдеш маанилүү болгон. Себеби бардыгына Орто Азияда ким күчтүү экени кызык эле. Бирок көптөн күткөн беттеш жеңиш алып келген эмес. Күрөштөн чабал Мамасалиев Проценкого муунтуу ыкмасы менен утулуп калган. 

Карьерасынын жанданышы

"Ак аюу" украиналык мушкерден утулгандан кийин жарым жыл октагонго чыккан эмес. JFC Young Force турниринин алкагында дагы бир украиналык мушкер Владимир Мищенко менен мелдешип, аны биринчи раундда эле техникалык нокаут менен утуп алган.

Быйыл Алматы шаарында өткөн JFC жана Alash Pride уюмдарынын биргелешкен турнири өткөн. Мелдештин алкагында Мамасалиев литвалык атаандашы Раймонд Докус менен кез келип, аны биринчи раунддун 34-секундасында техникалык нокаут менен жеңген.

Редакцияга берген комментарийинде Мамасалиев мындан ары чет өлкөдөгү уюмдарда күч сынашууну пландап жатканын белгилеген.

Спорттон тышкары

Мыктыбек Мамасалиев ишкерлик менен алектенип жан багат. Бош убактысында залга гана барбастан, таза абада ат минип, улак тартканды жактырат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Мыктыбек Мамасалиев (@myktybek_mamasaliev)

Жаңылыктар түрмөгү
0