КР хоккей командасынын Олимпиаданын тандоо турнириндеги атаандаштары айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын хоккей боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив
Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасынын оюнчулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курама команда алдыга озуп чыгам десе, төрт баскычтан өтүшү керек.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Хоккей боюнча улуттук курама команданын 2022-жылы өтө турган Олимпиада оюндарынын тандоо турнириндеги атаандаштары белгилүү болду. Бул туурасында Эл аралык хоккей федерациясынын сайтында айтылат (IIHF).

Кышкы Олимпиада оюндары 2022-жылдын 4-20-февралында Пекинде (Кытай) өтөт. IIHF рейтингинде сегиз өлкө автоматтык түрдө оюнга жолдомо алат. Оюн Кытайда өтүп жаткандыктан жергиликтүү командага дагы жолдомо берилери айтылат. Калган үч орун квалификациялык мелдеште ойнотулат.

Кубок вызова Азии по хоккею с шайбой в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Сүйүнчү! Арабдар менен араздашкан кыргыз хоккейчилери өз чындыгын далилдеди
Кыргызстандын курама командасы алдыга озуп чыгам десе, төрт баскычтан өтүүсү шарт.

Чүчү кулактын жыйынтыгы менен кыргыз спортчулары N тайпасына туура келген. Ал жакта Босния жана Герцеговина, Люксембург, БАЭ мамлекеттери бар. Мелдеш 7-10-ноябрда Люксембург шаарында болот. 

Мыкты команда 12-15-декабрда өтө турчу экинчи квалификациялык оюнга кошулат. Ал жакта Нидерланддар, Испания жана Мексика бар. Андан жеңген команда 2020-жылдын 6-9-февралында Нур-Султан шаарына барып, Казакстан, Польша жана Украина өлкөлөрүнүн спортчулары менен үчүнчү квалификациялык турнирге катышат. Уткан команда төртүнчү оюнга жолдомо алып, Латвия, Франция жана Италия мамлекеттеринин спортчулары менен ойнойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0