Кыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко. Архив

Валентина Шевченко менен Жессика Айдын беттеши. Учурда эмне болуп жатат

3770
(жаңыланган 10:32 09.06.2019)
Мушкер кыздардын таймашы турнирдин башкы беттештеринин бири болмокчу.

АКШнын Чикаго шаарында UFC 238 турнири өтүп, анда кыргызстандык Валентина Шевченко чемпиондук курун коргоодо.

Ал 2018-жылдын 9-декабрында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп алтын курга ээ болгон. Эми алгачкы ирет америкалык мушкер Жессика Айга каршы наамын коргоодо.

Sputnik Кыргызстан агенттиги беттештен тексттик трансляция жүргүзмөкчү.

Белгилей кетсек, турнир Чикагонун 23 миң кишини батырган “Юнайтед центр” аренасында тартууланып жатат.

Жаңы билдирүү
  • 10:30

    Кыргызстандын желегин Валентина Шевченко бул учурун кошкондо бир нече ирет эл аралык аренада көтөрүп чыгып жатат. 

  • 10:28

    Чемпион кыз бийледи

    Жеңиштен кийин Валентина маек берип, бир аздан соң ошол жерден лезгинка бийледи.  

  • 10:25

    Жылмайган Валентина күйөрмандарына, алардын ичинен мекендештери, Кыргызстандыктарга ыраазылыгын билдирип жатат. 

  • 10:23

    Валентина намысын алдырган жок!

    Бул ирмемдерде залдын ичиндеги күйөрмандардын да толкундангандыгын байкоого болот. Кыйкырган, ышкырган үндөр угулуп жатты. 

  • 10:21

    Шевченко утту! Валентина Айды бут менен тээп нокаутка кетирди. Ал муну менен наамын сактап калды! Азамат!!!

  • 10:20

    Экинчи раунд башталды. Валентина үстөмдүк кылууда.

  • 10:19

    Биринчи раунд аяктады!

  • 10:18

    Азырынча Ай тараптан эч кандай чабуул боло элек. Ал тек гана Шевченконун бутун кармап алып бербей жатат. Ай туруп кетүүгө үлгүрдү эле, Шевченко кайрадан көтөрүп чапты!!!

  • 10:16

    Дароо күрөштө мыкты экендигин көрсөтүп, үстүнө жатып алып сокку узатууда.

  • 10:16

    Шевченко кара түстөгү форманы тандаган. Шевченко Айды көтөрүп чапты!!!

  • 10:15

    Шевченко октагондо!
    Кыргызстандык мушкер сегиз бурчтукка машыктыруучусу Павел Федотов жана бир тууган эжеси Антонина Шевченко менен чыгып келет жатат. Адаттагыдай Кыргызстан менен Перунун желегин көтөрүп чыкты.

  • 10:09

    Шевченконун беттеши башталды!

  • 10:05

    Шевченко менен Айдын беттешине аз гана убакыт калды!!!

  • 09:59

    Тони Фергюсон акыркы жылдары жеңилбес жана күчтүү мушкерлердин катарын толуктады. Ал UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен бир нече ирет беттешке даярданып, бирок эки мушкердин тең ден соолугуна байланыштуу ал болбой калган.

  • 09:57

    Фергюссон утту!

    Дарыгерлер Тони Фергюсондун атаандашы Дональд Серрондун көзү шишип кеткендигине байланыштуу беттешти токтотушту.

  • 09:56

    Шевченко менен Айдын сокку урганы.

    UFC эки мушкер тең алакан тоскучту уруп жаткан сүрөттү жүктөдү. Беттеште ушуну ишке ашыра алышабы?

  • 09:53

    Кыргызстандын сыймыгы!

    Белгилей кетсек, Валентина Шевченко UFC уюмунун чемпиондук курун тагынган алгачкы кыргызстандык. Бул мушкерлер үчүн Олимпиаданын алтын байгесиндей эле.

  • 09:44

    Даярдык күч!

    Машыктыруучу Павел Федотов окуучусу Валентинага алакан тоскучту кармап берип, соккуларды жасатууда. Мушкер көп учурда чимирилип келип узатылган соккуларды ишке ашырат.

  • 09:27

    Фергюсондун беттешти!

    Эң кызуу кармаштардын бири башталды. Бул мелдешти UFC фанаттары чыдамсыздык менен күткөн. Уюдун утурумдук чемпиону Тони Фергюсон ардаге Дональд Серрон менен кез келди.

  • 09:22

    Белгилүү мушкер Валентина Шевченконун өмүр баянын Sputnik Кыргызстан агенттигинен таржымалынан окуңуздар.

    Тайбоксер из КР, многократная чемпионка мира по смешанным боевым искусствам, муай-таю и кикбоксингу Валентина Шевченко наносит удар во время боя с экс-чемпионкой мира UFC (Ultimate Fighting Championship) Холли Холм в турнире UFC on FOX 20 в Чикаго (штат Иллинойс, США).

    Шевченко Валентина Анатольевна. Өмүр баяны

    1988-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. Беш жашынан бери спорт менен машыгып келет.
    Дагы
  • 09:21

    Кымча бел сулуулар!

    Дал ушул сулуулар ар бир раундду жарыялап турушат.

  • 09:20
    17-кратная чемпионка мира по тайскому боксу по версии К-1 Валентина Шевченко, считается одной из лучших спортсменок в мире по тайскому боксу среди женщин

    Дүйнөнү дүңгүрөткөн Валентина Шевченко тууралуу 10 факты

    Эртең, 8-сентябрда, кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC уюмунун эң жеңил салмактагы (57 кг) чемпиондук наамы үчүн америкалык Никко Монтано менен кармашат. Беттеш Даллас (АКШ) шаарында өтмөкчү.
    Дагы
  • 09:16

    Кыргызстанды дагы бир ирет даңазалап...

    Баса, UFC Шевченконун беттеш алдындагы проморолигин жарыялап, ага Кыргызстандагы кадрлар кошулган. Эске сала кетсек, Шевченко Кыргызстанга ушул жылы 7-апрелде келип, 8-9-апрель күндөрү Бишкекте жана Ошто күйөрмандары менен жолугуп, президент Сооронбай Жээнбековдун колунан Даңк ордени менен сыйланган. Ошондой эле бир жумалык эс алуусунда бир топ жерге барганга жетишкен.

  • 09:13

    Күчтүүлөрдү октагон аныктайт!

    Шевченконун каршылашы Ай көз караштар таймашы учурунда ага сес көрсөтүп, бооруна "ок өтпөс" деген жазуусу бар кийим менен чыккан. Белгилей кетсек, кыргызстандык спортчунун октагондогу каймана аты "Ок".

  • 09:10

    Саналуу убактардан кийин Кыргызстандын сыймыгы Валентина Шевченко октагонго чыгат. Ал UFC уюмунун 57 килограмм салмактагы чемпиондук наамын коргоо үчүн америкалык Жессика Айга каршы беттешет.

    Валентина Шевченко ММА боюнча 16 беттешти утуп, 3 ирет жеңилген.

    Ал эми атаандашы Жессика Ай 14 мелдешти утуп, 4 жолу утулган.

    UFC уюмунун Instagram баракчасы Шевченконун колун машыктыруучусу Павел Федотов бинт менен таңып, беттешке камынтып жатканы сүрөтүн жүктөгөн.

3770
Белгилер:
UFC, турнир, Валентина Шевченко
Тема боюнча
Шевченко тиш кайраган атаандашына муштумун түйдү. Көз караштар таймашы видеодо
Шевченко менен Айдын 9-июндагы беттешин көрсөтчү телеканалдар. Тизме