Азамат кыз! Шевченко Айды нокаутка кетирип, чемпиондугун сактап калды. Видео

© AFP / Rey Del Rio / GETTY IMAGES NORTH AMERICAТурнир UFC 238. Бой Валентины Шевченко и Джессики Ай
Турнир UFC 238. Бой Валентины Шевченко и Джессики Ай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык мушкер чемпиондук наамын алгач ирет коргоду.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Кыргыз мушкери Валентина Шевченко америкалык мушкер Жессика Айды нокаут менен утуп, UFC уюмунун 57 килограмм салмактагы чемпиондук наамын коргоп калды. Бул туурасында уюмдун расмий Instagram баракчасында айтылат.

​Мушкерлер Чикаго (АКШ) шаарында өтүп жаткан UFC 238 турниринин алкагында эң жеңил салмак категориясы боюнча күч сынашты. Мелдештин алгачкы мүнөттөрүндө эле Шевченко Айды көтөрүп чаап, үстөмдүгүн көрсөткөн. Экинчи раунддун башталышында каршылашын бетке тээп, нокаутка кетирди. 

​Шевченко 2018-жылдын 9-декабрында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп алтын курга ээ болгон. Ал бүгүн наамын ийгиликтүү коргоп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0