Кыргызстандык ырчылар артисттердин дүйнөлүк футбол чемпионатына жөнөп кетти

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүФутбол. Матч сборной России - ФК "Чертаново"
Футбол. Матч сборной России - ФК Чертаново - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият өкүлдөрү мелдешке гана катышпастан, көрүүчүлөр алдында өнөрлөрүн да тартуулашмакчы.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Кыргызстандын кино жана эстрада артисттери "Арт-футбол" футбол-музыкалык фестивалына катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

Өнөр адамдарынын футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаты 8-июнда Москва шаарындагы "Локомотив" стадионунда башталган. Ага 16 өлкөнүн артисттеринен турган команда катышууда.

Биринчи турда Кыргызстандын курама командасы Словения менен тең (1:1) болуп калган. 10-июнда боло турчу экинчи турда кыргызстандыктар сербиялыктар менен беттешмекчи.

Иш-чаранын алкагында 8-июндан 16-июнга чейин 16 өлкөнүн командалары күн сайын улуттук гала-концертин тартуулашат. Алар менен кошо атайын коноктор — Россия жана чет өлкөлүк ырчылар да өнөрлөрүн тартуулашмакчы. 

Кыргызстандан барган команда 15-июнь күнү Горький атындагы паркта концерт беришет. Бул — ар жылы салт катары өткөрүлүп келе жаткан иш-чара.

Жаңылыктар түрмөгү
0