Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архив

Жессика Айды жеңген Шевченконун алган гонорары айтылды

4641
(жаңыланган 20:36 10.06.2019)
Кыргызстандык спортчу Шевченконун америкалык атаандашы Жессика Ай менен UFC 238 турниринин алкагындагы беттеши нокаут менен аяктаган.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Спорттук жаңылыктарды жазган SportsDaily жакында болгон UFC 238 турнириндеги мушкерлердин, анын ичинде чемпиондук титулун сактаган Валентина Шевченконун гонорарынын болжолдуу суммасын ачыктады.

Кыргызстандык кыз АКШ спортчусу Жессика Айды жеңип, экинчи раундда жаткыра тепкен.

Шевченконун нокауту UFC турниринде мыкты деп табылып, 50 миң доллар алмай болду.

"Иллинойс штатынын Атлетикалык комиссиясы мушкерлердин ала турган акчасынын суммасын так айткан жок. Төмөнкү сандар расмий эмес. Анткени менен берилген бул баа өткөндөгү турнирдин катышуучулары боюнча сумманы жакындаштырып берет", — деп айтылган макалада.

SportsDaily берген баага караганда, баарынан көп гонорарды Генри Сехудо UFC алкагында чемпиондук эки курга ээ болгондугу үчүн алган. Ал Марлон Мораес менен беттешкен. Мушкердин каражатын 440 миң долларга жакындатышты, 350 миңин промоушен мушташканы үчүн төлөп берген. 50 миңи турнирдин бонусу катары, дагы 40 миңи Reebok компаниясынын демөөрчүлүгү катары ыйгарылган.

Экинчи катарда Валентина Шевченко болду. Жессиканы жеңгени үчүн 300 миң доллар алган. UFC турнирине чыкканы үчүн 105 миң доллар алмакчы. Бул иш-чарада анын мушташы негизги беттештердин бири катары каралганы үчүн 50 000 доллар ыйгарылган. Ал эми Reebok 40 000 доллар берген.

Үчтүктү Дональд Серроне жыйынтыктады. Акчасы 245 миң долларды чапчып, турнирдин уюштуруучулары 175 миң доллар төлөп берген. Ал кечтеги мушташы үчүн 50 000, ал эми Reebok жарнамасы үчүн 20 000 доллар алган.

Ал эми жеңилүү ызасын тарткан Жессика Айдын гонорары 130 миң доллар болсо, анын 100 миңин промоушен төлөгөн. 30 000 долларды жарнама үчүн Reebok берген.

4641
Белгилер:
акча, гонорар, Валентина Шевченко
Тема боюнча
"Валя" деп кыйкырышты. Чикагодогу кыргыздар кафеде Шевченкону тоскон видео
Ден соолугу кантти экен? Валентина өзү нокаутка кетирген Айга кабатыр болду
Күмөн санаган эмеспиз! Жээнбеков телефондон Шевченкону куттуктады. Видео
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы жана машыктыруучу Абдулманап Нурмагомедов

Хабибдин атасы Абдулманап Нурмагомедов каза болду

3632
(жаңыланган 17:21 03.07.2020)
Мушкердин атасы эки тараптуу пневмония болуп майдын башында Москвадагы клиникалардын бирине жаткырылган.

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун атасы жана машыктыруучу Абдулманап Нурмагомедов каза болду. Бул туурасында Чечен республикасынын башчысы Рамзан Кадыровго таянуу менен РИА Новости билдирди.

Абдулманап Нурмагомедов Москвадагы клиникалардын бирине жаткырылган. Ага эки тараптуу пневмония деген диагноз коюлуп, андан кийин инсульт алган. Уулу жана окуучусу Хабиб анын абалы оор экенин айтып келген.

3632
Белгилер:
спорт, машыктыруучу, өлүм, оору, пневмония, Хабиб Нурмагомедов, Абдулманап Нурмагомедов
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Белгилүү адвокат Кайрат Загибаев каза болду

UFC: бирин-бири аябай... Жарым жеңил салмактагы дивизиончулар беттешкен видео

164
(жаңыланган 09:20 03.07.2020)
UFC YouTube каналына жарым жеңил салмактагы дивизиондогулардын беттешинин тарыхын, тагыраагы, бир нече турнирлерди чыгарды.

Жарым жеңил салмактагы категория 2010-жылдын аягында, UFC өзүнүн дивизионун кеңейтип, төмөнкү класстагыларды кошо баштаганда түзүлгөн.

Ал жылдары UFC World Extreme Cagefighting уюмунан бөлүнгөн. Жарым жеңил салмактагы WEC чемпиону Жозе Алду дароо аталган дивизиондун чемпиону деген титулду алган.

Бул наамды ал 2015-жылдын декабрына чейин алып жүрүп, UFC 194 турниринде ирландиялык Конор Макгрегорго алдырган.

Макгрегор бул титулдан 2016-жылдын 26-ноябрында ажыраган, себеби жеңил салмактагы чемпиондукка ээ болгон. Ал кезде титулду кармап келген бразилиялык Алдуга наамы кайтарылган.

Башка, бетке, чыкыйга тээп... UFC беттешиндеги эсте калчу учурлардын видеосу

2017-жылдын жай айында ал олжосун UFC 212 турниринде Макс Холловэйге алдырган. Ал эки жылдан кийин австралиялык Александр Волкановски менен беттешип, жеңилүү ызасын тарткан. Бул өткөн жылдын декабрында UFC 245 турниринде болгон.

 

164
Белгилер:
турнир, видео, беттешүү, UFC
Тема боюнча
Шевченко World MMA Awards премиясына эки категория боюнча көрсөтүлдү
Рафаэль Физиевдин UFC уюмундагы кийинки беттеши качан болору аныкталды
Медицинский работник организует тесты на Covid-19, которые только что проводились в медицинском центре United Memorial Covid-19 в Хьюстоне, штат Техас. Четверг, 25 июня 2020 года.

Бир суткада дагы 361 адам коронавирус жуктуруп алды

60
(жаңыланган 10:09 09.07.2020)
Кечээ Баткен облусу штабдын чечими менен карантинди күчөтүп, аймакка кирип-чыгууга тыюу салды. Мындан тышкары да айрым чектөөлөр кирди.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Бүгүн өлкө аймагында коронавирус жуктуруп алган 361 адам катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

  • Бишкек шаары – 150;
  • Чүй облусу - 59;
  • Ош шаары - 43;
  • Ош облусу - 28;
  • Жалал-Абад облусу - 25;
  • Баткен облусу - 20;
  • Ысык-Көл облусу - 17;
  • Нарын облусу - 18;
  • Талас облусу - 1.

Ушуну менен коронавирус илештирип алгандардын жалпы саны 8 847ге жетти. Азыр стационарда 610 бейтап дарыланууда, анын бирөө реанимацияда. Үй карантининде дарыланып жаткандар 5 068 болду. Бүгүн коронавирустан дагы төрт киши каза таап, жалпы саны 116га жетти. 

60
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар