Тыныбекова дүйнө чемпионатына кайсы өлкөдө даярданып жатканы айтылды

© Фото / Facebook / United World Wrestling / Sachiko HOTAKAТрехкратная чемпионка Азии борец Айсулуу Тыныбекова
Трехкратная чемпионка Азии борец Айсулуу Тыныбекова  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 14-22-сентябрь күндөрү Нур-Султан шаарында өтөт.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команда алдыдагы маанилүү беттешке даярдануу үчүн Москвага барган. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Спортчулардын машыгуусу 10-июнда башталган, эми ал 22-июнда аяктайт. Аларды башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков коштоп барган.

Кыргызский боец смешанных единоборств Рафаэль Физиев - Sputnik Кыргызстан
Рафаэль Физиев UFC уюмунда качан беттеше турганы айтылды
Маалыматта Айсулуу Тыныбекова менен Мадина Надирова 14-22-сентябрь күндөрү Нур-Султан шаарында өтө турчу дүйнө чемпионатына даярданып жатса, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Нураида Анаркулова жана Назира Марсбек кызы жаштар арасындагы Азия чемпионатына камынып жатканы айтылат. Мелдеш 4-7-июль күндөрү Нур-Султанда болот.

Балбандардын машыгуусу үчүн спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекция тарабынан 526 миң сом каралган.

Курама команда буга чейин Италияда машыгып келген.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0