Ысык-Көлдө өткөн Азия чемпионаты

Кыргызстан армрестлинг боюнча Азия чемпионатында экинчи орунду алды. Сүрөт

93
(жаңыланган 17:01 12.06.2019)
Командалык эсеп боюнча биринчи орунду Казакстан, ал эми үчүнчү орунду Өзбекстан алганы маалымдалды.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кыргызстандын армрестлинг (кол күрөш — ред.) боюнча курама командасы Ысык-Көлдө өткөн Азия чемпионатында экинчи орунду багындырды. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдеш 9-11-июнь күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн.

  •  Участники чемпионата Азии по армрестлингу в городе Чолпон-Ата Иссык-Кульской области. 11 июня 2019 года
    Кыргызстандын армрестлинг (кол күрөш — ред.) боюнча курама командасы Ысык-Көлдө өткөн Азия чемпионатында экинчи орунду багындырды
    © пресс-служба ГАМФКиС
  •  Участники чемпионата Азии по армрестлингу в городе Чолпон-Ата Иссык-Кульской области. 11 июня 2019 года
    мелдеш 9-11-июнь күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында өткөн.
    © пресс-служба ГАМФКиС
  •  Участники чемпионата Азии по армрестлингу в городе Чолпон-Ата Иссык-Кульской области. 11 июня 2019 года
    Медалдар эркектер, аялдар, жаштар, ардагерлер жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында ойнотулуп, спортчулар 121 салмак түрү боюнча оң жана сол кол менен мелдешишкен.
    © пресс-служба ГАМФКиС
  •  Участники чемпионата Азии по армрестлингу в городе Чолпон-Ата Иссык-Кульской области. 11 июня 2019 года
    Турнирге Азиянын он өлкөсүнөн 517 спортчу катышкан.
    © пресс-служба ГАМФКиС
1 / 4
© пресс-служба ГАМФКиС
Кыргызстандын армрестлинг (кол күрөш — ред.) боюнча курама командасы Ысык-Көлдө өткөн Азия чемпионатында экинчи орунду багындырды

Медалдар эркектер, аялдар, жаштар, ардагерлер жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында ойнотулуп, спортчулар 121 салмак түрү боюнча оң жана сол кол менен мелдешишкен. Турнирге Азиянын он өлкөсүнөн 517 спортчу катышкан.

Натыйжада кыргызстандыктар 156 медаль алган: 28 алтын, 49 күмүш жана 79 коло. Мындай жыйынтык менен курама команда экинчи орунду алган.

Командалык эсеп боюнча биринчи орунду 376 медаль менен Казакстан ээлеген. Медалдарды бөлүп айта турган болсок, 174 алтын, 142 күмүш жана 51 коло болгон.

Ал эми үчүнчү орунду 110 медалды алуу менен Өзбекстандын командасы алган: 26 алтын, 32 күмүш жана 52 коло.

93
Белгилер:
медаль, армрестлинг, Спорт, Азия чемпионаты, Ысык-Көл, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкекте Кыргызстан менен Палестина футболчулары беттешип, тең чыкты