Чолпон-Атада 20дан ашык өлкөдөн келген таэквондочулар күч сынашат

Жазылуу
Алар Азия биринчилиги жана кубогу үчүн ат салышат.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдө таэквондо боюнча ири мелдеш башталды. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Taekwon-do ITF Open Asian Championship and Cup 2019 аталышындагы иш-чара 26-июндан 30-июнга чейин Чолпон-Ата шаарында өткөрүлөт.

Ага Европа, Азиянын 20дан ашык өлкөсүнөн чогулган спортчулар катышып,  Азия биринчилиги жана кубогу үчүн күч сынашмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0