Күмүш медаль! Таиланддагы чемпионатта тартылган кыргызстандык балбандын видеосу

© Facebook / Martin GaborКыргызстандык балбан Акылбек Талантбеков Азия чемпионатында
Кыргызстандык балбан Акылбек Талантбеков Азия чемпионатында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Турнирге Кыргызстандан тогуз спортчу аттанган.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Балбан Акылбек Талантбеков Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча юниорлор арасында күмүш медалды утуп алды. Бул туурасында Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында кабарланды.

Азия турнири Таиланддын Чонбури шаарында өтүп жатат. Кыргызстандан намысты коргоо үчүн болгону 9 спортчу аттанган. Талантбеков 77 килограммга чейинки салмактагылар менен беттешкен.

Ал финалдын ¼ стадиясында Өзбекстандан барган Дильшод Омонгелдиевди жеңген. Жарым финалда ирандык Мохаммад Азиз Нагуси менен күрөшүп, 6:3 эсебинде жеңилип калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0