Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова. Архив

Азия чемпионатында Жуманазарова алтын утуп, Марсбек кызы күмүш алды. Видео

559
(жаңыланган 21:02 11.07.2019)
Азия биринчилиги Таиланддын Чонбури шаарында өтүп жатат. Ага Кыргызстандан тогуз спортчу катышууда.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Азия чемпионатында юниорлор арасындагы беттеште алтын утту. Кармашты түз эфирден Күрөш боюнча дүйнөлүк уюм түз эфирде көрсөттү.

Азия биринчилиги Таиланддын Чонбури шаарында өтүп жатат. Ага Кыргызстандан тогуз спортчу катышууда.

Жуманазарова 68 килограмм салмакка чейинки категорияда ат салышты. Ал эки атаандашын жеңип, финалда япониялык спортчу менен кармашты. Аны 8:6 эсебинде жеңип алды.

Ошол эле учурда Назира Марсбек кызы чемпионатта күмүш байгеге татыды. Ал чейрек финалда Вьетнам менен Кытайдын балбан кыздарын утуп, финалдык беттеште Индиядан келген спортчуга утулуп калган.

Учурда Кыргызстандын капчыгында бир алтын жана үч күмүш медаль бар. Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча Акылбек Талантбеков менен Нуржигит Кеңешбек уулу күмүш уткан.

559
Белгилер:
Назира Марсбек кызы, Мээрим Жуманазарова, күрөш, Азия чемпионаты
Тема боюнча
Күмүш медаль! Таиланддагы чемпионатта тартылган кыргызстандык балбандын видеосу
Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев. Архив

Кубанып турам! Кыргызстандык Физиев UFC уюму менен келишимин жаңыртты

89
(жаңыланган 20:11 05.08.2020)
Аралаш мушташ спортундагы эң беделдүү UFC уюмунда күчүн сынаган Физиев эми дагы төрт беттеш өткөрө алат. Андан кийинки турнирлерге катышуусу рейтингинен көз каранды деп эсептелинет.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев Абсолюттук мушкерлер уюму (UFC) менен келишимин узартты. Бул сүйүнүчтүү кабары менен спортчу Instagram баракчасы аркылуу бөлүштү.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Rafael Fiziev (@rafael_ataman_fiziev)

Контракт боюнча Физиев уюмдун алкагында төрт беттеш өткөрөт.

"UFC уюму менен жаңы келишим түзгөнүмө кубанып турам. Жакшы бир шарттар менен төрт беттеш өткөрөм. Менин менеджерлик командама ыраазычылыгымды билдирем", — деген Физиев.

Рафаэль Физиевге UFC канча гонорар төлөп берери белгилүү болду

Белгилей кетсек, промоутерлик компания спортчу бир нече кармаш өткөргөн сайын анын келишимин узартууну же токтотууну карап чыгат. Бул мушкердин жеңиштерди камсыздап, өз рейтингине кам көргөнүнө жараша болот. 

Эске салсак, Физиевдин соңку кармашы 19-июлда Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралында" өтүп, анда англиялык Марк Диакезини жеңип алган.

Рафаэль жалпысынан UFC уюмунда үч кармаш өткөргөн. Биринчисинде россиялык Магомед Мустафаевден жеңилип, кийин бразилиялык Алекс Уайтты утуп алган.

89
Белгилер:
турнир, мушкер, келишим, Рафаэль Физиев, UFC
Тема боюнча
Физиев жеңишинен кийин кыргызстандыктарга кайрылды. Видео
Төрага Жумабеков мушкер Физиевди UFC мелдешиндеги жеңиши менен куттуктады
FIFA президенти Жанни Инфантино. Архив

FIFA президенти Жанни Инфантино Кыргызстанга келет

194
FIFA президенти Жанни Инфантино буга чейин Кыргызстанга келерин айткан. Эл аралык учууларга уруксат берилсе, ал убада сөзсүз ишке ашаарын дагы бир ирет белгиледи.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) президенти Жанни Инфантино Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунун (КФС) маалымат кызматы билдирди.

Дүйнөлүк футбол уюмунун башчысы кечээ КФС президенти Канатбек Маматов менен болгон онлайн-конференция учурунда айткан.

Маматов эпидемиологиялык абалдан улам КРдагы футболдук чемпионаттын форматы жана курамы өзгөргөнүн, ошондой эле борборлоштуруп өткөрүү пландалып жатканын айткан. Мындан сырткары, футзал боюнча чемпионат ийгиликтүү аяктап, жеңүүчү команда клубдар арасындагы Азия биринчилигине катышарын белгилеген.

"Маматов FIFA президенти Жанни Инфантинонун Кыргызстанга расмий иш сапары менен келүү тууралуу айтканын эске салды. Инфантино айткандарын сөзсүз аткара тургандыгын, эл аралык учууларга уруксат берилгенде келерин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

FIFA Кыргызстандын футболун колдоого 1,5 миллион доллар бөлөт

Жанни Инфантино менен онлайн-видеоконференцияга Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти Шейх Салман, Ооганстан, Иран, Түркмөнстан, Тажикстан жана Өзбекстан футбол федерацияларынын президенттери жана FIFA уюмунун башкы катчысынын орун басары Маттиас Графстрем катышты.

Инфантино катышуучуларга ыраазычылык билдирип, уюмга мүчө болгон ассоциацияларга пандемия учурунда кандай жардам көрсөтүлөрүн белгилеген. Федерация башчылары өз өлкөлөрүндө коронавирус абалы кандай болуп жатканын жана кандай таасир бергенин айтышкан.

УЕФА футболдук беттештери COVID-19 курмандыктарына аза күтүү менен башталат

Эске сала кетсек, КФС президенти Маматов буга чейин FIFA жетекчиси Жанни Инфантинону Кыргызстанга чакырганын, анын апрель айында келери айтылган болчу.

194
Белгилер:
пандемия, Кыргызстан, Канатбек Маматов, видеоконференция, Жанни Инфантино, FIFA, футбол
Тема боюнча
КРдин курама командасынын лидер футболчусу Бернхарт "Дордойго" кошулду
Атаандашка жөтөлсөң, оюндан чыгасың. Англиядагы футбол эрежеси
Чек ара. Архив

Казак чек арасындагы чатак: мигранттар алдамчылардын торуна кантип түштү

0
(жаңыланган 00:24 06.08.2020)
Оренбург менен Самаранын жанындагы чатыр шаарчанын жашоочулары үйүн көздөй жөнөдү. Кыргызстан жарандары Россиядан автобус менен жолго чыкты. Ал эми Өзбекстан атуулдарын жуманын түнүндө поезд менен алып чыгып кетишет.

Алексей Стефанов

Кыргызстан менен өзбекстандык мигранттар Самара менен Оренбург облустарынын админстративдик чек арасында россиялык тарип сактоочулар менен чырдашты деп ЖМКлар жаза баштаганда, маселе чечилип калган.

Казакстандын жанындагы аймакта үч лагерь пайда болгон. Оренбургдун Бузулук, Самаранын Большечерниговск райондорунда, үчүнчүсү эки аймактын чегиндеги админстративдик трассанын бойлой жайгашкан. Чатак дал ушул үчүнчүсүндө чыккан.

Россия-казак чек арасында чогулган кыргыз, өзбек мигранттары эртең мекенине жөнөтүлөт

Лагерлерде мекенине жетүүнү каалаган Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары жашап турган. Бирок жабылган чек арага туш келди. Алар бул аймакка кокустан келген эмес, мигранттар алдамчы мекендештеринин айтканына ишенип жолго чыккан.

Оренбург облусунун админстрациясы: колдон келишинче жардам бердик

"Бардык мамлекеттердин өкмөттөрү мигранттардын үйүнө жетип алышына жардам кылыш керек деген чечимге келип, жол ачып, кордидор уюштуруп берген. Кыргыздар эки миңден көбүрөөк эле, эки күн жолго чыгышты. Акыркыларын салган автобус да жөнөп кетти. Ал эми өзбектер 700гө чукул. Учурда Бузулук-Ташкент поезд каттамына билет алышууда, бейшемби түнү үйүнө кетет", - деп айтып берди Sputnik агенттигине Бузулуктун акиминин социалдык маселелер боюнча орун басары Татьяна Успанова.

Ал мигранттардын арбын бөлүгү талаада пайда болору менен райадминстрация Россияда калып калган бул калкка зарыл шарттарды түзүп берүү үчүн болгон аракетин кылгандыгын айтты. Тигилген чатырларга электр кубатын тартып алып келген, иче турган жана техникалык суу менен камсыздаган, таштанды салуучу контейнерди орноткон. Ажатканаларды курган.

Албетте, булар айылдагыдай болгону менен жоктон көрө жогору эле. Ага чейин бул жерде адам жашабаган ээн талаа болгонун Успанова кошумчалаган.

Оренбургдан келчү мекендештерди ташыган 43 автобус жолго чыкты

"Лагерге мекендештери келип мигранттарга жардам берип жатышты. Ишкерлер аларга жумуш сунуштаганы менен, эч ким иштей турган каалоосун билдирген жок. Кыязы, жашап турганга каражаттары бар окшойт. Биздин лагерь аркылуу үч миңге чукул мигрант өтсө, алардын 10го жакыны гана ишке чыгып, калганы жөнөп кетчү күндү күтүп отурушту", - деп айткан Успанова.

Гастарбайтерлер алдамчы-таксисттердин торуна түшүп калышты

"Азыр Бузулук районундагы лагерь жабылды, эл кетүүгө камынып отурушат", - деди ал.

"Бул деген алдамчылык да, эл социалдык тармакка жазылгандарга ишенип алыптыр. Анда бул жерде үйүнө кетебиз деген гастарбайтер пансиоанат, санаторийлерге жашап турат деп айтылган экен. Эки адам бир бөлмөгө жайгаштырылат жана үч маал тамак берилет дешиптир. Анан бизге Россиянын булуң-бурчтарынан – Москвадан, Сахалинден, Воронеж, Пермь, Краснодар, Тюменден келе башташыптыр… Бул жерге жеткенде эч нерсеси жок талаага туш болушту", - дейт ачууланган Успанова.

Ал улуттук топтордогу мындай билдирүүлөр токтобосо, ээн лагердин жанына чатырлар кайрадан тигилиши мүмкүн деп чочулап жатканын айтты. "Мен элди аяп жатам — алар ишенип, талаага келип жатышат".

"Ооба, туура, мындай маалыматты таксисттердин Telegram каналы таратат. Алар мигранттарды Өзбекстанга алып кетүүнү сунуштап, көп акча алышкан, бирок чек арадан жүргүнчүлөрдү таштап, өздөрү артка кетип калышкан", — деп билдирди Өзбектер жана өзбекстандыктардын бүткүл Россиялык конгрессинин аймактык бөлүмүнүн башчысы Диляра Сабирова.

Ал ушул күндөрдө мекендештерине күйүп-бышып жардам берип, көйгөйлөрүн чечкенге аракет кылып жатты.

"Биз Өзбекстандын жарандарын мекенине жөнөткөнү жатабыз. Бүгүн аталган өлкөнүн башкы консулу келип, аны менен биргеликте адамдардын санын аныктап, тизмесин түздүк. Эми 7-августка караган түнү Өзбекстанга эки курам жөнөтүлөт", — деди Сабирова.

16 вагондон турган бир поезд Оренбург облусундагы Бузулук станциясына, ал эми 20 вагондон турган экинчи поезд Самара аймагындагы Кинель станциясына келип, жума күнү кечинде 1500 адам Ташкентке кайтат.

"Бул жолкусунда маселеге олуттуу карадык. Кечээ түнкү саат бирге чейин тизмени түзүп, бүгүн бардыгын компьютерге тердик. Өткөндө жагымсыз жагдайга туш болдук эле, тагыргаагы, июль айынын орто ченинде мигранттарды поездге түшүрө баштаганда, ал жакта чоочун адамдар бар экени белгилүү болду. Эми мындай кырдаалга жол берилбейт, жөнөтүүнүн бардык процесси көзөмөлдөнөт", — деди Сабирова.

Ошондой эле Сабирова Кыргызстандын бардык жарандары лагердеги чатырлардан кеткендигин тастыктады. Ал эми Өзбекстандын жарандары билеттерди алып, поезддин келишин күтүп жатышат. Анын айтымында, Самара жана Оренбург облустарынын администрациясы мигранттар темир жол бекеттерине жетип алышы үчүн автобустарды беришет, андан кийин үйлөрүнө кетишет.

"Албетте, кыйынчылыктар дагы бар. Мисалы, бир адамды Новороссийскиден автоунаа менен алып келишкен, ал үчүнчү кабаттан кулап түшүп, өтө оор жаракат алган экен. Операция араң жасалган. Ал азыр деле автоунаада жатат, айланадагылар жардам берип атышат. Чартердик рейс жок болгондуктан, учак менен алып кете албай койдук. Кечээ бирөөлөр менен сүйлөшкөндө аны станцияга чейин алып барууну, мүмкүн болсо поезд менен жөнөтүүнү суранганбыз. Балдак таянган дагы эки киши бар, аларды тез арада мекенге кайтарышыбыз керек. Дагы кош бойлуу үч аял жана үч бала бар", — деп сөзүн жыйынтыктаган Сабирова.

Ал ойлогон ою ишке ашып, эл аман-эсен үйүнө жетип аларына үмүт артып турганын кошумчалады.

0
Белгилер:
поезд, автобус, коронавирус, мигранттар, Казакстан, Самара, Оренбург, Россия
Тема боюнча
Миңдеген кыргызстандыктар Россия менен каттамдын ачылышын күтүп жатат