Кыргызстандык футболчу Валерий Кичин. Архив

Кыргызстандык футболчу Валерий Кичин Россиянын "Енисей" клубунан кетти

96
(жаңыланган 11:02 12.07.2019)
Кыргызстандын курама командасынын коргоочусу аталган клубга 2016-жылдын жай айында келген.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Россиянын "Енисей" футбол клубунун жетекчилиги Валерий Кичиндин кетип жатканын билдирди. Бул тууралуу клубдун Twitter баракчасына жарыяланды.

"Коргоочуга үч сезон үчүн ыраазычылык билдиребиз, кийинки карьерасында ийгилик каалайбыз", — деп айтылат билдирүүдө.

​Кыргызстандын курама командасынын коргоочусу аталган клубга 2016-жылдын жай айында келген болчу.

Кичин буга чейин "Тюмень", "Анжи" сыяктуу бир катар клубдарда ойногон.

Жакында эле немистердин белгилүү Transfermarkt.de басылмасы Кыргызстандын курама командасы бир нече эсе кымбаттаганын жазган. Алардын баасы боюнча эң кымбат оюнчу Валерий Кичин болгон. Эгер башка клубга өтсө 1,2 миллион евро болору белгиленген.

96
Белгилер:
футбол, Валерий Кичин
Тема боюнча
Бири-бирине атырылган Месси менен Медель оюндан четтетилди. Видео
Кыргызстандык Кемел Токобаев Африка кубогунда иш алып барат