UFC уюмундагы "Темир айым" атаандашын 16 секундада сулата чапты. Видео

© AP Photo / Jeff ChiuТурнир UFC Fight Night 155 в Секраменто
Турнир UFC Fight Night 155 в Секраменто - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Темир айым" каймана аты менен таанымал нидерландиялык Жермен Де Рандами UFC уюмунун 65 килограмм салмактагы мурдагы чемпиону.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Узаган жекшембиде Американын Сакраменто шаарында аралаш мушташ боюнча UFC Fight Night 155 турнири өтүп, нидерландиялык Жермейн де Рандами менен америкалык Аспен Лэдд кызуу беттештердин бирин тартуулады. Бул туурасында Р-Спорт жазды. 

"Темир айым" каймана аты менен таанымал нидерландиялык мушкер атаандашы Лэдди  16 секунддун ичинде нокаутка кетирип, жеңишин майрамдаганы айтылат.

​Муну менен Жермен Де Рандами карьерасында тогузунчу жеңишин камсыздады. Октагондо үч ирет утулган. Ал UFC уюмунун 65 килограмм салмактагы мурдагы чемпиону. 

​Ал эми анын каршылашы Лэдд алгачкы ирет жеңилди. ММА боюнча сегиз беттешти уткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0