БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Кыргызстандык суучул Денис Петрашов 2020-жылы Токио шаарында өтө турчу Олимпиада оюндарына катышуу үчүн алгачкы лицензияны алды. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.
Муну менен Петрашов Кыргызстандын курама командасынын ичинен алгачкылардан болуп Токиодо өтө турчу Олимпиадага катышуу үчүн уруксат алды.
Сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионаты ушул тапта Түштүк Кореянын Кванджу шаарында өтүп жатат. Мелдеш 12-июлда башталган, эми 28-июлда жыйынтыкталмакчы.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бразилиялык атлет кыз Жессика Андраде атаандашы Валентина Шевченкону грэпплинг (күрөш) жагынан алсыз деп атады. Бул тууралуу ал Globo Esporte телеканалына берген маегинде айтты.
Кыргызстандык мушкер кыз менен бразилиялык спортчу 24-апрелде (Бишкек убактысы боюнча 25-апрелде) АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилль шаарында өтүүчү UFC 261 турниринде беттешет.
"Шевченко грэпплинг жагынан алсыз деп ойлойм. Мен атаандашымды тордо кармаганда өзүмдүн канчалык күчтүү экенимди жана өз мүмкүнчүлүгүмө канчалык ишенимдүү экенимди дайыма айтып келем", — деген ал.
Эң жеңил салмактын экс-чемпиону беттеш учурунда Шевченконун "алсыз жагын пайдалана турганын" белгилеген.
"Мен атаандашымды бир канча ыкма менен жерге жыга алам. Жыгып алсам, анда ал тура албайт", — деп белгилеген Андраде.Анын айтымында, Шевченконун ыкчам соккулары, өзгөчө бутка тепкени кооптуу болуп саналат.
Кеченин башкы беттешинде жарым орто салмактын чемпиону Камару Усмана менен Хорхе Масвидаль кармашат. Мелдештеги дагы бир кызыктуу таймаш эң жеңил салмактын мурдагы чемпиону Роуз Намаюнас менен кытайлык Вэйли Чжандын ортосунда өтөт.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы эл аралык аренада ийгилик жараткан шаардагы спорттук мектептердин тарбиялануучулары менен машыктыруучуларды сыйлаганын кабарлады.
Анда спортко талыкпас эмгеги жана спортту өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн бир катар спортчулар 100 миң сомдук, ал эми машыктыруучуларга 50 миң сомдук сертификаттар берилди.
Мэрдин милдетин аткаруучунун чечими менен спортчуларды таптаган машыктыруучулар Нурбек Изабеков, Хаким Махмудов, Уран Калилов, Кубат Мамбетов, Андрей Тупик, Рахмадил Жуманазаров, Ырысбек Мамышев, Абдужалил Юнусов, Татьяна Борисова 50 миң сомдук сертификат алышты.
Мындан сырткары, мэрия шаардын спортуна кошкон эмгеги үчүн баш калаадагы айрым спорттук мектептердин жетекчилерине ыраазычылык кат жана эстелик белектерди ыйгарганы маалым болду.
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында уу коргошунга ууланган төртүнчү адам ооруканага түштү. Бул тууралуу кабарды Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, бейтап тундурманы беш күндөн бери үйүндө ичип жатканын айткан. Учурда ал Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жатат. Абалы туруктуу.
Андан мурдараак Тез жардам кызматы уу коргошунга ууланган киши ооруканага жеткирилгенин билдирген. Министрлик ал белгисиз затка ууланганын айтып, каны менен заарасы экспертизага жиберилгенин маалымдады.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй мамлекет башчы өзү аконит (уу коргошун) кайнатып жасап жатканы белгилүү болду.
Ал эми саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошун ичип, мындан ары коронавирустан дарылоого колдонуларын жар салган. Ошол эле учурда бул тундурманы адам муздак ичип алса беш мүнөткө жетпей өлөрүн эскерткен.