Кикбоксчу рингде жан берип, улакчылар мушташып... Кыргыз спортундагы чуулар

Жазылуу
Чет элдик ЖМКлардан спорттук турнирлер күтүлбөгөн кырсык, массалык мушташ же башка жагымсыз окуялар менен коштолгон учурларын көрүп жүрөбүз. Көз жүгүртө келгенде кыргыз спортунда деле мындай нерселер болуп турат экен.

Маселен, кечээ, 21-июнда, Бишкектеги "Жеңиш" аянтында дрифт боюнча Gradus Cup аталышындагы чемпионат өткөрүлмөк. Бирок ачылыш аземине аз калганда Toyota Mark I автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай, элди көздөй күү менен кирип кеткен. Кырсыктан беш киши жабыркап, экөө ооруканага жеткирилди.

Милиция кырсыкты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, автоунааны айып короого киргизген. Окуядан кийин мэриядан дрифт өңдүү турнирлерге тыюу салуу пландалып жатканын айтышты.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги акыркы жылдары чуу менен коштолуп өткөрүлгөн спорттук турнирлерди тизмектеди.

Чет элдик спортчулар ууланган

Былтыр 8-12-май күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында кикбокс боюнча Азия чемпионаты өтүп, анда 20га чукул өлкөнүн спортчулары күч сынашкан.

Кыргызстандагы белгилүү спортчулардын жаңжал коштогон жоруктары
Мелдеш башталган күнү Саламаттык сактоо министрлиги Ысык-Көлдөгү "Аврора" санаторийинде 18 киши ууланганын билдирген. Редакция Кикбокс федерациясынын президенти Александр Воинов менен байланышканда, уулангандардын арасында турнирге келген жети мушкер бар экендигин маалымдаган. Алардын бири Ирандын, алтоо Бириккен Араб эмирлигинин жараны болчу.

Санаторийде берилген тамактардын үлгүлөрү алынып, экспертизага жөнөтүлгөн. Бул нерсенин айынан ууланган спортчулардын айрымдары мелдешке катыша албай калган.

Жетекчи 20 миң долларга сынып...

2015-жылы 14-мартта Кулатуу эр таймаш (WEF) федерациясы кезектеги турнирин баштайын деп турганда белгисиз киши коңгуроо кагып, Спорт ордосуна жардыргыч зат коюлганын билдирген. Дүрбөлөңдөн улам таймаш токтотулуп, күч кызматкерлери бомбаны жана ал тууралуу кабар берген адамды издей баштаган. Аягында шектүү кармалып, ал жөн эле "ойноп" чалып койгонун билдирген. Эр таймаш эртеси күнү уланып, тартип сакчыларынын тыкыр көзөмөлүндө өткөрүлгөн.

WEF федерациясынын жетекчиси редакцияга берген маегинде өтпөй калган турнирдин чыгымы 20 миң долларга чукулдаганын айтып берген.

Волейбол калысы токмок жеген

Кыргызстандын волейбол боюнча быйылкы чемпионатында да чуулуу окуя болду. Тагыраагы, борбордогу Кожомкул атындагы Спорт сарайындагы мелдеште "Жаңы Муун" командасы "Сулайман Тоо" клубун 3:0 эсебинде утуп алат. Оюндун жыйынтыгына нааразы болгон күйөрмандар тополоң чыгарышкан. Беттеш талаасын аралап, түртүшүп, бирөө реферини арттан туруп башка чапканга дагы үлгүргөн.

Натыйжада федерация жеңилип калган "Сулайман тоо" клубунун машыктыруучусун оюндан убактылуу четтетип, командаларды элдештирген.

Көк бөрүчүлөр мушташып...

Быйыл Жеңиш күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында өткөн республикалык көк бөрү мелдешинде улакчылар мушташа кетишкен. Тагыраагы, оюн учурунда "Достуктун" оюнчусу Манас Ниязов менен "Сары-Өзөн" командасынын улакчысы Нурбек Юсуповдун ортосунда чыр чыккан.

УКМК кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кылмыш иши козголгон УКМК башчылары. Куловдон тарта Табалдиевге чейин
Андан соң экөө оюн талаасынан четке чыгып, аттан түшүп бири-бирин койгулап, мушташа баштаган. Башка улакчылар да аралашып, калыстар арачалап экөөнү ажыраткан. Жаңжалдын чыгышына Манас Ниязов улакты эңип жатканда атаандашынын капталдан келип урдурганы себеп болушу мүмкүн экендиги айтылган.

Көп өтпөй Манас Ниязов ("Достук") Нурбек Юсупов ("Сары-Өзөн") менен элдешкенин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине тастыктаган.

Рингден жан берген өспүрүм

Былтыр августта Токмок шаарында өтүп жаткан кикбокс боюнча мелдеште 14 жаштагы бала өзүн жаман сезип, андан соң көз жумган. Маалыматты Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Кикбокс федерациясынын президенти Александр Воинов тастыктап берген.

Каза болгон бала Оштон келген. Анын ден соолугуна байланыштуу рефери беттешти 15 секунддан кийин эле токтоткон. Тез жардам кызматы келип жардам көрсөткөн, бирок бала ага карабай көз жумган. Көп өтпөй медиктер өспүрүмдүн мээсине кан куюлуп кеткенин айтышкан.

Воинов өспүрүмдүн атасы федерацияга эч кандай доо артпаганын жана милицияга арыз жазбаганын айткан.

"Алга" менен "Алайдын" жаңжалы

Былтыр Кант шаарында өткөн футбол боюнча КРдин чемпионаты учурунда Бишкектин "Алга" футбол клубу менен Оштун "Алай" командасынын ортосунда жаңжал чыкканы тууралуу маалымат тараган. Анда "Алайдын" чабуулчусу Алия Силла менен коргоочусу Шухрат Рахмонов сабалганы айтылган.

Чүй облустук милициясы оюндан кийин эки команданын оюнчулары ортосунда чыр чыкканын тастыктаган.

"Алганын" маалымат кызматы мушташ "Алай" клубунун гвинеялык чабуулчусу Алиа Силланын айынан чыкканын билдирип, чырга аталган команда оюнчуларынын тиешеси жоктугун маалымдаган.

Көп өтпөй Футбол федерациясынын дисциплинардык комитети эки команданын ортосундагы окуя боюнча чечим чыгарып, айрымдарын оюндан, калыстык кылуудан убактылуу четтеткен.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0