Валентина Шевченко UFC уюмунун жаңы рейтингинде ордун сактап калды

© AFP / Christian Petersen / Getty ImagesUFC уюмунун чемпиону кыргызстандык Валентина Шевченко. Архив
UFC уюмунун чемпиону кыргызстандык Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык мушкер кыздын мурдагы атаандашы Аманда Нуньес көрсөткүчүн жакшырткан.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. UFC уюмунун чемпиону кыргызстандык Валентина Шевченко мыкты мушкерлердин рейтингинде ордун сактап калды. Аталган уюм жакында болгон мелдештердин жыйынтыгы менен мушкерлердин рейтингин жаңылады.

Эң жеңил салмак категориясы боюнча чемпион Шевченко 13-орунда калып, UFC уюмунун орто салмактагы экс-чемпиону Тайрон Вудли менен азыркы чемпион Жессика Андрадени артта калтырды.

Турнир UFC Fight Night 155 в Секраменто - Sputnik Кыргызстан
UFC уюмундагы "Темир айым" атаандашын 16 секундада сулата чапты. Видео
UFC уюмунун мыкты 15 мушкеринин тизмесине Валентина Шевченко быйыл март айында кирип, 15-орунду ээлеген болчу.

Рейтингдин сап башында мурдагыдай эле учурдагы чемпион Даниэл Кормье турат. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов 2-орунда болсо, үчүнчү орунга Жон Жонс татыды.

Ал эми Шевченконун мурдагы атаандашы Аманда Нуньес алтынчы орундан бешинчи орунга көтөрүлгөн. Кыргызстандык мушкер өз салмак категориясында абсолюттук чемпион боюнча калды. Жакында эле бул тизмеге Антонина Шевченко дагы кирген.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0