Токио Олимпиадасында ыйгарыла турган медалдар көрсөтүлдү. Өзгөчөлүгү

© REUTERS / ISSEI KATO Презентация наград победителям и призерам Олимпийских игр 2020 года в Токио
 Презентация наград победителям и призерам  Олимпийских игр 2020 года в Токио - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медалдар кайра иштетилген мобилдик телефондор менен электрондук түзүлүштөрдөн жасалган.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарынын уюштуруу комитети жеңүүчүлөргө ыйгарыла турган медалдарды көрсөттү. Бул тууралуу Олимпиаданын расмий сайтында айтылат.

Медалдарды көрсөтүү аземи 24-июлда, тагыраагы, Олимпиадага туура бир жыл калганда өттү.

​Уюштуруучулардын билдирүүсүнө ылайык, алтын, күмүш жана коло медалдар кайра иштетилген мобилдик телефондор менен электрондук түзүлүштөрдөн жасалган. 

© REUTERS / ISSEI KATOТокио Олимпиадасында ыйгарыла турган медалдар
Токио Олимпиадасында ыйгарыла турган медалдар көрсөтүлдү. Өзгөчөлүгү - Sputnik Кыргызстан
Токио Олимпиадасында ыйгарыла турган медалдар

"5000ге чукул медаль япон жашоочулары тарабынан берилген электрондук түзүлүштөрдү кайра иштетүүдөн кийин жасалды. Майда тиричилик электроникасын кайра иштетүү боюнча долбоорубуз жана экологияга зыян келтирбөө аракеттерибиз көпчүлүккө үлгү болуп калат деген ниеттебиз", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сүйүнчү! Токио Олимпиадасына алгачкы лицензияны суучул Петрашов утуп алды
Жергиликтүү элден электрондук түзүлүштөрдү чогултуу аракетин Олимпиаданын уюштуруу комитети 2017-жылы баштаган. Эки жылдын ичинде жалпысынан 78 895 тонна гаджет чогулган. Бул 6,21 миллион мобилдик телефонду эсептебегендеги көрсөткүч. Натыйжада аларды кайра иштетүүдөн демилгечилер 32 килограмм алтын, 3,5 тонна күмүш жана 2,2 тонна коло алышкан.

Жайкы Олимпиада оюндары Токиодо 2020-жылы 24-июлдан 9-августка чейин өтөт. Ага 205 өлкөдөн 12 миңдин тегерегиндеги спортчу катышары болжолдонуп жатат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0