Рафаэль Физиев Уругвайдагы UFC турнирине чыкпайт. Себеби айтылды

© Sputnik / Александр ГальперинКыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев. Архив
Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык мушкер Уругвайдагы турнирде бразилиялык Алекс да Сильва менен беттешмек.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев Уругвай мамлекетиндеги UFC Fight Night 156 турнирине бутунан жаракат алгандыгына байланыштуу катышпай калды. Бул туурасында Cageside Press спорттук порталында айтылат.

Физиев 10-августта Монтевидео шаарында өтчү турнирде бразилиялык Алекс да Сильва менен беттешмек.

Социалдык тармакта спортчунун бутунан жаракат алган сүрөтү дагы жүктөлдү.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от MMA_CIS (@mma_cis_tm)

Белгилей кетсек, ушул эле турнирде кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко эң жеңил салмактагы чемпиондук курун коргоп, мурун утулуп калган Лиз Кармуш менен беттешет.

Эскерте кетсек, Физиев ушул жылдын 20-апрелинде Санкт-Петербург шаарында өткөн UFC уюмунун турнирине алгачкы жолу катышып, каршылашы Магомед Мустафаевге биринчи раундда техникалык нокаут менен жеңилген. Алгач аны атаандашы чимирилип тээп, кулап түшкөн соң Физиевди ургулаганда рефери беттешти токтотууга аргасыз болгон.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0