Кыргызстан FIFA рейтингинде февралдан берки ордун сактап калды

© REUTERS / SUHAIB SALEMКыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн курама командасы Азия кубогунан кийин 91-орундан 95-сапка түшүп калган.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын соңку рейтингинде ордун сактап калды.

Жаңы тизме 25-июлда чыгып, уюмдун расмий сайтына жарыяланган. Ага ылайык, курама команда бир дагы беттеш өткөрбөгөндүктөн 95-орундан жылган эмес.

​Биринчи сапта бельгиялыктар болсо, экинчиде бразилиялыктар, ал эми үчүнчү орунда франциялыктар турат. Бразилиянын командасы Америка кубогунан кийин рейтингин жакшырта алган. Тизменин кийинки саптарында Англия, Уругвай, Португалия, Хорватия, Колумбия, Испания жана Аргентина турат.

Өлкөнүн футбол боюнча курама командасы Азия кубогунан кийин FIFA рейтингинде 91-орундан 95-сапка түшүп калган. Ошондон бери ушул катарда. 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0