Кыргызстандык мушкер Бакуда мелдешке чыкпай туруп чемпиондук кур тагынды

Жазылуу
Турнирде кыргызстандык мушкер иран спортчусу менен беттешмек.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Бексултан Өмүрзаков Азербайжанда өткөн Ultimax Fight Night турниринде чемпион болду. Бул туурасында анын машыктыруучусу Кенжебек Чекиров Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Аралаш мушташ боюнча Ultimax Fight Night аталышындагы турнир узаган жекшембиде Баку шаарында болду. Анда Бексултан Өмүрзаков 90 килограмм салмакта ирандык Асгар Машади менен жолугушу керек болчу. Бирок атаандашы кармашка аз калганда белгисиз себептер менен октагонго чыгуудан баш тартканы айтылат.

"Биз беттешке жакшы даярданганбыз. Бул чемпиондук кур — өлкөнүн ММА спортунун деңгээлин жогорулатууга кошкон салымыбыз болсун", — деп жазган Чекиров.

Жакында эле ушундай окуя боксчу Азат Усеналиевде дагы болгон. Ал Дагестандагы турнирде бир да беттеш өткөрбөй туруп алтын медаль тагынган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0