БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Акжол Сулайманбек уулу профессионалдык бокстагы кийинки беттешин 24-августта Челябинск (Россия) шаарында өткөрөт. Бул туурасында мелдешти уюштуруп жаткан RCC Boxing Promotions уюмунун ВКонтакте баракчасында жарыяланган.
Азырынча кыргызстандык спортчунун атаандашы белгисиз экендиги айтылат.Акжол Сулайманбек уулу 2016-жылдан бери Екатеринбург шаарында профессионалдык бокс боюнча спорттук карьерасын улантып келет. Жалпысынан 14 беттешти утуп, бир да ирет жеңилген эмес. WBA Asia чемпиондук курун тагынып, аны үч жолу коргоого жетишкен.
Боксчунун спорттогу жолу жана үй-бүлөсү тууралуу маекти Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги даярдаган макаладан окуй аласыздар.
Кыргызстандык боксчу Акжол Сулайманбек уулу Екатеринбург шаарында өткөн RCC Boxing Promotions турниринде россиялык атаандашы Никита Кузнецовду утуп алды.
Кыргызстандык спортчу ар бир раунд сайын күч алып, таамай сокку уруп жатты. Жетинчи раунддан кийин Кузнецов беттешти улантуудан баш тартты.
Муну менен Сулайманбек уулунун куржунунда 16 жеңиш, бир жеңилүү бар. 2018-жылы ал Дүйнөлүк бокс ассоциациясынын версиясы боюнча Азия чемпиону болгон. Бул титулду төрт жыл катары менен сактап келет.
БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов Алматынын "Кайрат" клубу менен келишимин узартты. Бул тууралуу клубдун маалымат кызматы кабарлады.
Жаңы келишимге ылайык, футболчу ал жакта 2023-жылдын аягына чейин ойноп, дагы бир жылга калып калууга мүмкүнчүлүгү бар.
"Кыргызстандык Месси" атыккан оюнчу "Кайратка" 2020-жылы беларустук "Неман" клубунан өткөн.
Эске салсак, Алыкулов быйыл Азия чөлкөмүндө "Аптанын оюнчусу" номинациясын эки ирет жеңип алды.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Кытайда төөлөр үчүн өзгөчө жол чырак орнотулганын China News басылмасына таянып Sputnik Өзбекстан кабарлады.
World's first traffic light for camels debuted at the scenic spot of Mingsha Mountain and Crescent Spring in China's Gansu on Sunday.
— China News 中国新闻网 (@Echinanews) April 12, 2021
When the traffic signal turns green, camels can cross the road, while tourists cross when the signal turns red, greatly ensuring traffic safety. pic.twitter.com/JZ7VkLDMQx
Маалыматка ылайык, жабдуу туристтер көп барган Дуньхуан шаарына орнотулган.
"Чет элдик саякатчылар Минша тоосуна, Могао чөлүндөгү храмдарга, Юмэнь жана Янгуань ашууларына көп барат. Бирок ал жакта төөлөр да арбын. Мындан улам эки жак бири-бирине тоскоолдук жаратпаш үчүн жол чырак коюлган", — деп жазылат билдирмеде.
Жергиликтүү бийлик белгилегендей, жол чырак кыймылдын коопсуздугун камсыз кылат жана дүйнөдө мындай жабдуулар азырынча жок.
Жол чыракта төөнүн сүрөтү жашыл болуп күйгөндө төөлөр өтөт, бул учурда туристтер токтоп турушу шарт. Төөнүн сүрөтү кызыл болгондо жаныбарлар токтоп, элди өткөрө турганы айтылды.