Футболчу Неймар. Архивдик сүрөт

Байкуштай кылып... Мбаппе Неймарды катардан түртүп чыгарган видео

1698
(жаңыланган 13:30 04.08.2019)
"ПСЖ" 3-августта "Ренн" командасын 2:1 эсебинде утуп жеңишке жетти.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Социалдык тармактарда "ПСЖ" командасынын чабуулчусу Килиан Мбаппенин Франциянын Суперкубогундагы жеңишин майрамдоо маалында сүрөткө түшүп жатканда Неймарды түртүп жиберген видеосу тарады.

​Ишемби күнү, 3-августта, Суперкубокто "ПСЖ" 2:1 эсебинде "Ренн" командасын утуп жеңишке жеткен. Анда бир топту каршылаштын дарбазасына 20 жаштагы Мбаппе киргизген. Неймар дисквалификацияланып оюнга катышкан эмес. Айрым ЖМКлар бразилиялык оюнчунун "ПСЖ" клубунан көптөн бери кеткиси келип жүргөндүгүн жазып чыккан.

Окуя беттештен кийин футболчулар командалык сүрөткө түшөр маалда болгон. Анда франциялык оюнчунун бири Неймардын кетүүсүн суранып, аны Мбаппе колдоп бразилиялык спортчуну түртүп жиберген.

​Бирок андан кийин четке чыгып калган командалашын кайра алып келип, жалпы сүрөткө кошкон видео жарыяланган.

1698
Белгилер:
видео, футбол, Неймар да Сильва, Франция
Тема боюнча
Кыргызстан FIFA рейтингинде февралдан берки ордун сактап калды
Кыргызстандык 4 оюнчу футболдон өмүр бою четтетилди. Себеби