Финалга чыккан Тыныбекова алтын медаль үчүн беттешпей калды. Себеби

© Фото / Facebook / United World Wrestling / Sachiko HOTAKAТрехкратная чемпионка Азии борец Айсулуу Тыныбекова
Трехкратная чемпионка Азии борец Айсулуу Тыныбекова  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык балбан кыз Poland Open 2019 мелдешинде ат салышып, 62 килограммга чейинкилер арасында катары менен үч каршылашын утуп финалга чыккан.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Айсулуу Тыныбекова алган жаракатына байланыштуу Польшадагы эл аралык турнирдин финалдык беттешине катыша албайт. Бул тууралуу КРдин Күрөш федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев билдирди.

Кыргызстандык балбан кыз Poland Open 2019 мелдешинде ат салышып, 62 килограммга чейинкилер арасында катары менен үч каршылашын утуп финалга чыккан. Алтын үчүн ал Тунис өлкөсүнөн келген Марва Амри менен күч сынашмак. Бирок кийин Тыныбекованын жаракат алып калгандыгы аныкталган.

"Түштөн кийин башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Айсулуу тизе тушун чойдуруп алгандыгын кабарлады. Жаракаты анча оор деле эмес, аны калыбына келтирүү үчүн бир жумадай убакыт кетет. Машыктыруучусу аны финалдык беттештен четтетүү чечимин кабыл алды. Себеби бир айдан кийин Нур-Султанда лицензиялык турнир өтөт. Антпесе анын жарааты кыйындап кетет, Изабеков аны аяды", — деди Кенжебаев.

Федерациянын өкүлү ошондой эле Тыныбекова күмүш медаль ала тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0