Оштун жаш футболчулары Кытайдагы эл аралык турнирге катышууда

© Фото / Комитет по физической культуре и спорту города ОшОш шаарынын футбол боюнча өспүрүмдөр командасы Кытайдагы эл аралык турнирге катышууда
Ош шаарынын футбол боюнча өспүрүмдөр командасы Кытайдагы эл аралык турнирге катышууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеште 15 өлкөдөн барган 13 жаштан 16 жашка чейинки спортчулар ат салышып жатат.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Ош шаарынын футбол боюнча өспүрүмдөр командасы Кытайдагы эл аралык турнирге катышууда. Бул туурасында Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул аптада Линься шаарында спорттун жети түрү боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө. Ага 15 өлкөдөн барган 13 жаштан 16 жашка чейинки спортчулар катышат.

Өлкө намысын Ош шаарынан барган өспүрүм футболчулар коргомокчу. Алар бүгүн, 6-августта, оюн талаасына чыгары күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0