Мушкерлер Валентина Шевченко менен Аманда Нуньес. Архивдик сүрөт

Валентина Шевченко: Нуньес менен үчүнчү беттешибиз болбой койбос

154
(жаңыланган 20:12 06.08.2019)
Буга чейин бразилиялык мушкер дагы Шевченко менен беттешүү ою бар экендигин айткан болчу.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. UFC уюмунун 57 килограмм салмактагы чемпиону Валентина Шевченко UFC on ESPN+ 14 турниринин алкагында маек берип жатып Аманда Нуньес менен үчүнчү беттеши тууралуу айткан. Бул туурасында MMA Junkie жазды.

"Азыр Аманда менен Сайборгдун реваншынын болушу кыйындап баратат. Эмне болорун көрө жатарбыз. Бирок мен Аманда менен үчүнчү жолу беттешүүнү ойлоп жатам. Аны азыр мен же ал деле каалап жаткан жок, бирок биз баары бир октагондон жолугушубуз керек. Азырбы же кийинби, билбейм, беттешебиз. Бул чечилип калган нерсе", — деген кыргызстандык мушкер.

2016-2017-жылдары Валентина Шевченко менен Аманда Нуньес 61 килограмм салмакта октагандо эки ирет жолугуп, бардыгында тең бразилиялык спортчу калыстардын чечими менен жеңишин майрамдаган. Ошондон кийин Шевченко башка, 57 килограмм салмакка которулуп, былтыр чемпион болгон. Ал ар дайым Нуньес менен "бүтпөй калган иши" бар экендигин айтып келет.

Нуньес болсо жыл башында Шевченкону утуп, үч салмакта (57, 61, 65) UFC чемпиону болууну көздөп жаткандыгын айткан.

Кыргызстандык мушкер 10-август күнү (Бишкекте 11-августка караган түнү) Уругвайдын борбору Монтевидео шаарында UFC Fight Night турниринин алкагында америкалык Лиз Кармуш менен беттешет.

154
Белгилер:
беттешүү, реванш, Аманда Нуньес, Валентина Шевченко, UFC
Тема боюнча
Валентина Шевченко кезектеги атаандашын ута алабы? Букмекерлердин пикири
Алсыраганын сездим. Антонина Шевченконун беттештен кийинки сөзү видеодо