Шевченко курун талашкан Кармуш менен көз караштар таймашында. Видео

247
(жаңыланган 12:56 09.08.2019)
Кыргызстандык спортчу аралаш мушташтагы карьерасында биринчи жолу дал ушул мушкерге утулуп калган.

Бүгүн, 9-августта, Монтевидео (Уругвай) шаарында UFC Fight Night 156 турнирине катыша турчу мушкерлер көз караштар таймашын өткөрдү. Кеченин башкы беттештеринин биринде Валентина Шевченко америкалык Лиз Кармуш менен беттешип, 57 килограмм салмактагы чемпиондук наамын коргойт.

Турнир 10-августта өтөт.

Шевченко менен Кармуш буга чейин октагондо жолуккан. 2010-жылы Оклахома (США) шаарында өткөн C3 Fights турниринде кыргызстандык мушкер үчүнчү раундда техникалык раунд менен утулуп калган.

247
Белгилер:
беттешүү, Валентина Шевченко, UFC
Тема боюнча
Валентина Шевченко кезектеги атаандашын ута алабы? Букмекерлердин пикири
Антонина Шевченконун UFC турниринде канча акча тапканы белгилүү болду