Мушкер Валентина Шевченко. Архивдик сүрөт

Өчүн алды! Шевченко эзелки атаандашы Кармушту жеңди. Видео

8052
(жаңыланган 11:23 11.08.2019)
Мушкерлер беш раунд кармашты.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко америкалык мушкер Лиз Кармушту утуп, UFC уюмунун 57 килограмм салмактагы чемпиондук наамын коргоп калды.

​Мушкерлер Монтевидео (Уругвай) шаарында өтүп жаткан UFC Fight Night 156 турниринин алкагында эң жеңил салмак категориясы боюнча күч сынашты. Шевченко менен Кармуш беш раунд толук беттешип, кыргызстандык спортчу упай эсеби менен утту. Мушкер кыздар кармаш башталганда эле бири-биринин алсыз жактарын карап, абайлап беттешти.

​Шевченко менен Кармуш буга чейин октагондо жолуккан. 2010-жылы Оклахома (США) шаарында өткөн C3 Fights турниринде кыргызстандык мушкер үчүнчү раундда техникалык раунд менен утулуп калган.

​Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун чемпиондук куруна 2018-жылдын 9-декабрында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп ээ болгон. Наамын биринчи ирет америкалык мушкер Жессика Айга каршы коргоп, нокаут менен жеңип алган.

8052
Белгилер:
Уругвай, турнир, UFC, беттешүү, Валентина Шевченко
Тема боюнча
Антонина Шевченконун UFC турниринде канча акча тапканы белгилүү болду
Шевченконун беттеши UFC турниринин мыкты кармашы аталып, 50 миң доллар берилди
UFC уюму казакстандык мушкер менен алгачкы келишим түздү. Ал Өзбекстанда туулган
Япониялык теннисчи Осака Наоми. Архив

22 жаштагы япониялык теннисчи кыз дүйнөдөгү эң бай спортчу аталды

365
(жаңыланган 22:52 24.05.2020)
Осака легендага айланган 38 жаштагы америкалык Серена Уильямстын кирешесинен 1,15 миллион долларга көп каражат тапкан.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Япониялык теннисчи Наоми Осака аялдардын арасынан дүйнөдөгү эң бай спортчу аталды. Бул тууралуу ВВС жазды.

Маалыматка ылайык, Осака тапкан кирешеси боюнча америкалык Серена Уильямс менен россиялык Мария Шараповадан озуп кеткен.

22 жаштагы Осака "Чоң Шлем" сериясы боюнча турнирлердин эки жолку жеңүүчүсү. Forbes журналынын эсептөөсү боюнча, ал акыркы 12 айда 37,4 миллион доллар тапкан. Буга жеңиштен жана жарнама келишимдеринен түшкөн каражат дагы кирет.

Бул сумма теннис легендасына айланган 38 жаштагы америалык Серена Уильямстын кирешесинен 1,15 миллион долларга көп.

Forbes журналы 30 жылдан бери эң көп акча тапкан спортчу аялдардын тизмесин түзүп келет. Ошол аралыктан бери бул тизменин сап башынан теннисчи кыздар түшө электиги айтылды.

2020-жылдагы эң бай спортчулардын толук тизмеси журналга кийинки жумада жарыялана турганы маалым болду. 2016-жылдан бери жүздөгөн бай спортчулардын арасына эки аял кошулган.

365
Белгилер:
спортчу, тизме, байлык, теннис, Forbes журналы
Тема боюнча
Чиновниктер байлыгын ачыктаса, эски ишин кечирүү мыйзамы сунушталды. Чоо-жайы
Кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко. Архив

Кэтлин Чукагян менен эми Антонина Шевченко беттешмей болду

150
(жаңыланган 16:17 24.05.2020)
Чукагян буга чейин, тагыраагы, ушул жылдын февраль айында Хьюстондо өткөн UFC 247 мелдешинде азыркы атаандашынын сиңдиси Валентина Шевченкого утулуп калган.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. UFC уюму жеңил салмакта чемпион болууга мурда ат салышкан Кэтлин Чукагян менен кыргызстандык Антонина Шевченконун беттеши тууралуу расмий билдирүү жасап, UFC on ESPN 9 мелдешинде күч сынаша тургандардын толук тизмесин берди.

Эске салсак, Чукагян буга чейин, тагыраагы, ушул жылдын февраль айында Хьюстондо өткөн UFC 247 мелдешинде азыркы атаандашынын сиңдиси Валентина Шевченкого утулуп калган.

Чукагян UFC тарыхында катары менен эже-сиңди Шевченколорго таймашка чыккан биринчи спортчу.

Маалыматка карганда, күтүлүп жаткан мелдештин негизги мушташтары Тайрон Вудли менен Гилберт Бернс жана Благим Иванов менен Аугусто Сакаинин ортосунда болот.

Мелдеш 30-майда Лас-Вегас шаарында өтмөкчү.

150
Белгилер:
мелдеш, UFC, Антонина Шевченко
Тема боюнча
Конор мыкты мушкерлерди атап, ага Хабибди кошкон жок. Атаандашынын жообу
Борбордук клиникалык оорукананын дарыгери. Архив

Коронавирустан улам Октябрь акимиатынын кызматкерлери имараттан чыга албай калышты

97
(жаңыланган 19:27 26.05.2020)
Райондук администрациянын имараты жабылды. Учурда бардык кызматкерлерден анализ алынууда.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Октябрь райондук администрациясынын кызматкеринен коронавирус табылды. Бул тууралуу аталган мекеменин бир жумушчусу өз ысымын атабастан билдирди.

Анын айтымында, учурда мекеме жабылып, ал жакта иштегендерден анализ алынууда.

Азырынча окуя боюнча Бишкек мэриясы, Саламаттык сактоо министрлиги жана Республикалык штаб расмий маалымат бере элек.

Кыргызстанда өткөн суткада 35 кишиден COVID-19 аныкталды. Жалпы вирусту жугузуп алгандардын саны 1468ге жетти.

Акыркы маалыматтарды Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик баяндамасынан окуңуздар.

97
Белгилер:
кызматкер, Бишкек, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Коронавирус чымын-чиркей аркылуу жугушу мүмкүнбү? Адистердин пикири
Бишкекте муниципалдык унаа токтотуучу жайлар иштей баштады. Тизме