UFC чемпиону Валентина Шевченко. Архивдик сүрөт

Шевченко жеңишинен кийин: Нуньеспи же башкасыбы, келсин, октагондон күтөм!

656
(жаңыланган 11:29 11.08.2019)
Кыргызстандык мушкер наамын экинчи ирет коргоп калды.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Валентина Шевченко UFC Fight Night 156 турниринин алкагында америкалык Лиз Кармушту утуп алды.

Беттеш бүгүн, 11-августта, Монтевидео (Уругвай) шаарында өттү. Анда 57 килограмм салмакта кыргызстандык мушкер америкалык Лиз Кармуш менен беттешип, калыстардын бирдей чечими менен жеңишке жетти. Муну менен Шевченко чемпиондук наамын экинчи ирет коргоп калды.

Беттеш бүткөндө Шевченко уругвайлыктар менен учурашып, күйөрмандарына ыраазычылык билдирди. Андан ринг-анонсер беттеш кандай өткөнүн сураган.

"Кармуштун стили, техникасы, тайминги өзгөчө. Андыктан октагондо бардык ыкмаларды колдонуп, керектүү учурда коргонуу керек болду. Жеңиш үчүн жан үрөп, кокустуктарга жол бербегенге аракет кылдым", — деп жооп берген мушкер.

Ошондой эле алып баруучу ага чакырык таштап, курун тартып алгысы келгендер көп экендигин белгилеп, кийинки атаандашы Аманда Нуньес болушу мүмкүнбү, деги алдыдагы кадамдары кандай болот деп сураган.

"Мен бардыгын ушул жерден күтөм. Нуньеспи же башкасыбы, беттешүүгө даярмын", — деп октагонду сөөмөй менен көрсөткөн Шевченко.

Кыргызстандык спортчу менен Кармуш буга чейин да октагондо жолуккан. 2010-жылы Оклахома (США) шаарында өткөн C3 Fights турниринде кыргызстандык мушкер үчүнчү раундда техникалык раунд менен утулуп калган.

Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун чемпиондук куруна 2018-жылдын 9-декабрында польшалык Жоанна Енджейчикти утуп ээ болгон. Наамын биринчи ирет америкалык мушкер Жессика Айга каршы коргоп, аны нокаут менен жеңип алган.

656
Белгилер:
беттешүү, Аманда Нуньес, Валентина Шевченко, UFC, Уругвай
Тема боюнча
UFC уюму казакстандык мушкер менен алгачкы келишим түздү. Ал Өзбекстанда туулган
Шевченконун беттеши UFC турниринин мыкты кармашы аталып, 50 миң доллар берилди
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архивдик сүрөт

Көз жашын тыя албай... Хабиб жеңишинен кийин октагондо атасын жоктоду. Видео

217
(жаңыланган 04:38 25.10.2020)
Хабибдин атасы жана башкы машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов жайында өпкөсү жабыркап каза болгон.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Хабиб Нурмагомедов бүгүн UFC 254 мелдешинде Жастин Гэтжини үч бурчтук ыкмасы менен утуп алгандан кийин октагондо атасын жоктоп ыйлады. Бул боюнча видеону UFC уюму Twitter баракчасына койду.

​Атаандашы Гэтжи келип кайрат айткан сөздөрү да аны жооткото алган жок.

​Россиялык мушкер америкалык Гэтжи менен болгон беттеши акыркы экенин айтып, карьерасын жыйынтыктаганын жар салды.

​Хабиб ММА мелдешинде 29 жолу, анын ичинде UFC уюмунда 13 беттешке чыгып баарын жеңген биринчи мушкер болуп калды.

Хабибдин атасы жана башкы машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов жайында өпкөсү жабыркап каза болгон.

217
Белгилер:
спорт, ММА, UFC, карьера, Абдулманап Нурмагомедов, Хабиб Нурмагомедов
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архивдик сүрөт

Жеңилбес мушкер! Хабиб карьерасын жыйынтыктаганын жар салды

214
(жаңыланган 04:21 25.10.2020)
Хабиб машыктыруучуларына, UFC уюмуна жана ага күйөрмандык кылгандардын баарына ыраазычылык билдирди.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Хабиб Нурмагомедов спорттук карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу мушкер бүгүн UFC 254 мелдешинде Жастин Гэтжини үч бурчтук ыкмасы менен утуп алгандан кийин жыйынтыктоо сөзүн сүйлөп жатып билдирди.

Спортчу мындай чечимди апасынын өтүнүчү менен кабыл алган.

​“Баарына рахмат! Машыктыруучуларга рахмат! UFC уюмуна рахмат! Мага күйөрмандык кылгандардын баарына ыраазычылык билдирем. Бул менин акыркы беттешим болду. Спортту жыйынтыктадым.
​Гэтжи менен беттеш менин атамдын максаты болчу. Эгерде сиздерде ата-энеңер болсо, аларды урматтагыла. Азыр менин апам эле калды. Ошондуктан мен апам менен болууга аракет кылам”, — деди Нурмагомедов.

​Хабиб UFC мелдешинде 29 жолу беттешке чыгып, баарын жеңген биринчи мушкер болуп калды.

214
Белгилер:
спорт, ММА, UFC, карьера, Хабиб Нурмагомедов
Тема боюнча
Хабиб Нурмагомедов Жастин Гэтжини утуп алды. Видео
Хабиб Нурмагомедов — Жастин Гэтжи кармашы. Тарыхый беттештен онлайн-репортаж

Исхак Раззаков кандай үйдө жашаган? Музейге айланган жайдын видеосу

0
Бүгүн, 25-октябрда, Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленип жатат. Ал 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районундагы Коросоң кыштагында төрөлгөн.

Согуштан кийинки жылдары Кыргызстандын өсүп-өнүгүп, бутуна турушуна зор салым кошкон айтылуу мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаков Бишкекте кандай үйдө жашаганын Sputnik окурмандарга көрсөтүп берет.

Азыр Раззаковдун үй-музейине айланган имарат 1938-жылы жогорку мамлекеттик кызматтагыларга жашап турганга бериле баштаган. Анын ичинде Исхак Раззаков да ушул жерде үй-бүлөсү менен 11 жыл өмүр сүргөн. Андан соң имаратта башка кызматкерлер жашап, кийин Пионерлер үйү, анан бала бакча болгон. Акыркы болуп ПРООН иш кеңсеси катары пайдаланган.

Бишкектеги мемориалдык музейлердин директору Арман Момаханованын айтымында, мындан 15 жыл мурда Раззаков жашаган жерди үй-музейге айландыруу чечими күчүнө кирип, ПРООН кеңсеси башка жакка көчкөн.

"Ошол жылдары үй-музейдин ичин кыска убакытта толтурганбыз. Исхак Раззаковдун Москвада жашаган кызы Элмира архивдик материалдарды берди, өзүбүз дагы көп жерден издеп жүрүп чогулттук. Бул жактан мамлекеттик ишмердин архивдик сүрөттөрүн, документтерин, сыйлык, наам, ордендерин, кийим-кече, китеп, буюм-тайымдарын көрүүгө болот", — деди Момаханова.

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин үй-музейи коноктор үчүн ачык экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн, 25-октябрда, Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленип жатат. Ал 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районундагы Коросоң кыштагында төрөлгөн.

Короодо улуган Акбара, саякатчы "Ягуар". Элдар Айтматов атасынын үй-музейин көрсөттү

Раззаков 1945-1950-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы, 1950-1961-жылы Кыргыз Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы кызматын аркалап, республиканын өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошкон. Ага кийинчерээк "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы ыйгарылган.

Эмгеги менен эл-жерине таанылган Исхак Раззаков 1979-жылы дүйнөдөн кайтып, Москвадагы Кунцев мүрзөсүнө коюлган. Ал эми 2000-жылы сөөгү борбор калаадагы "Ала-Арча" мамлекеттик көрүстөнүнө көмүлгөн.

0
Белгилер:
музей, үй, Исхак Раззаков, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Автор 30 жыл изилдеген. Исхак Раззаков жөнүндө китеп жарык көрдү. Сүрөт
Раззаков Исхак Раззакович — өмүр баяны