"Алтыныңдан кол жууйсуң". Шевченко беттешке чакырган Сехудого катуу жооп берди

© Фото / предоставлено федерацией Тайского бокса КРUFC уюмунун эң жеңил салмак категориясы боюнча чемпиону Валентина Шевченко. Архив
UFC уюмунун эң жеңил салмак категориясы боюнча чемпиону Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
UFC уюмунун эки курунун ээси Генри Сехудо кыргызстандык мушкер Валентина Шевченкону Уругвайдагы жеңишинен кийин экинчи ирет беттешке чакырды.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. UFC уюмунун эң жеңил салмак категориясы боюнча чемпиону Валентина Шевченкону эркек мушкер Генри Сехудо кайтадан беттешке чакырды.

ESPN телеканалынын кабарчысы Ариэль Хельвани Шевченконун видео жообун Twitter баракчасына жарыялады.

​Валентина Шевченко UFC Fight Night 156 беттешиндеги жеңишинен кийин Сехудо кыргызстандык мушкерди кайтадан беттешке чакырган болчу. Ал дүйнө жүзү боюнча гендерлер арасындагы алгачкы чемпион болорун айткан.

"Анын биринчи чакырыгын укканда аябай күлдүм. Мени жеңишим менен куттуктайт го деп күткөм. Эми менин эки каршылашым бар. Алар кайтадан эле Енджейчик жана Генри Сехудо", — деди Шевченко.

Ал ошондой эле ар бир киши каалоолорунан абайлашы керектигин, болбосо бир күнү анын бардык алтындарынан ажырап калышы мүмкүн экенин эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0