Бишкекте спорттук-реабилитациялык борбор түзүлдү

© Sputnik / Антон ДенисовТекшерүүдөн өтүп жаткан спортчу. Архив
Текшерүүдөн өтүп жаткан спортчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Бишкекте иштеп келген Медициналык кеңеш берүү кызматы жана спорттук медицина борбору эми Спорттук-реабилитациялык борбор болуп өзгөрдү.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Бишкекте спортчулар жана жай тургундар үчүн спорттук-реабилитациялык борбор түзүлдү. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Ага ылайык, мекеменин негиздөөчүлөрү Саламаттык сактоо министрлиги менен Спорт агенттиги болуп саналат.

Маалыматта буга чейин иштеп келген Бишкектеги медициналык кеңеш берүү кызматы жана спорттук медицина борбору эми спорттук-реабилитациялык борбор болуп өзгөрүп, көрсөтүлгөн кызматтарга өзгөрүүлөр киргизилди.

"Азырынча борборго кайрылгандар биринчи деңгээлдеги медициналык-санитардык жардам ала алат. Мекеме спортчуларды ден соолугуна кам көрүү, кеңеш берүү, амбулатордук көмөк көрсөтүү, келечекте организмдеги тыюу салынган заттарды аныктоо жана башка максаттарды көздөйт", — деп айтылат маалыматта.

Спорт агенттигинен жаңы түзүлгөн борбордо тиешелүү бөлүмдөр ачыла тургандыгын белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0