UFC президенти Шевченкону беттешке чакырган Сехудонун аракетине баа берди

© AFP / Stephan SavoiaUFC президенти Дана Уайт. Архив
UFC президенти Дана Уайт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушкер кыз менен кармашуу ниетин Сехудо Шевченконун Уругвайда өткөн турнирдеги жеңишинен кийин билдирген.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. UFC президенти Дана Уайт уюмдун эң жеңил салмактагы чемпиону Генри Сехудонун Валентина Шевченко менен беттешүү ниети тууралуу пикирин билдирди. Анын сөзүн MMA Junkie порталы келтирди.

UFC уюмунун эки титулунун ээси Сехудо кыз мушкер менен беттешип, тарыхта биринчи жолу гендер аралык чемпион болуу каалоосун экинчи ирет жар салууда. Шевченко таймашууга макул болгон, атаандашына этият болууну эскерткен.

"Өмүрүмдө биринчи жолу ушундай акылга сыйгыс нерсени угуп жатам. Келжиреген сөз. Бирок Валентина макул болуптур. Эмне дээримди да билбей турам. Мээм муну кабыл албай жатат. Эми Сехудо жооп бериши керек, мындан аркы кадамы кандай болор экен?" — деген Уайт.

Сехудо — эки салмак категориясынын чемпиону. Ал мындай ийгиликке жетишкен UFC уюмундагы төртүнчү мушкер.

Өткөн дем алышта кыргызстандык Валентина Шевченко америкалык Лиз Кармушту жеңип, чемпиондук курун коргоп калды. 31 жаштагы мушкер үчүн бул кур коргогон экинчи беттеш болуп калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0