Ливерпуль командасынын дарбазачысы Адриан

"Ливерпулдун" дарбазачысы атаандашына гол "белек" кылды. Видео

454
(жаңыланган 11:36 18.08.2019)
Англиянын чемпионатынын экинчи турунан кийин "Ливерпуль" алты упай топтой алды. Буга чейин алар "Челси" командасын пенальти тебүүдөн утуп, УЕФАнын суперкубогун жеңип алышкан.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Англиянын премьер-лигасынын экинчи турунда "Ливерпуль" менен "Саутгемптон" командаларынын беттеши "Ливерпулдун" пайдасына 2:1 эсебинде аяктады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Экинчи таймдын жүрүшүндө "Ливерпуль" командасынын дарбазачысы Адриан одоно ката кетирди. Ал келген топту тебем деп жатып алдында турган каршылаш команданын оюнчусуна салып берип койгон. Жыйынтыгында ал эч кандай кыйынчылыгы жок эле бир гол киргизип салды.

Англиянын чемпионатынын экинчи турунан кийин "Ливерпуль" алты упай топтой алды. Буга чейин алар "Челси" командасын пенальти тебүүдөн утуп, УЕФАнын суперкубогун утуп алышкан.

454
Белгилер:
Ливерпуль ФК, Англия, футбол
Тема боюнча
Буту жок төрөлгөн казакстандык Али атактуу футболчу Салах менен ойноду. Видео