Кыргызстандын волейболчулары Азия чемпионатына катышууда

© Sputnik / Табылды КадырбековМужская сборная Кыргызстана по волейболу
Мужская сборная Кыргызстана по волейболу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеш 25-августка чейин уланат.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы Непалдын Катманду шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатына катышууда. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, мелдеш 25-августка чейин уланат.

Бул чемпионатка катышуу үчүн Олимпиадалык спорттун түрү боюнча дирекциясынан 1 миллион 614 миң сом каралган.

Кыргызстандын намысын 15 спортчу коргоп жатат. Аларды бир машыктыруучу менен бир калыс коштоп барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0